Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Минкаб «ИДК групп» ЖЧКсына Чүй облусунун Байтик айылында жайгашкан 70 га жер тилкесин изилдөө борборун уюштуруу үчүн 49 жылдык мөөнөткө ижарага берет. Бул тууралуу Минкабдын 2025-жылдын 21-апрелиндеги № 322 тескемесинде баяндалат.
Президенттин иш башкармасына караштуу «Ала-Арча» кыргыз мамлекеттик жаратылыш сейил багы» мамлекеттик мекемесинин мөөнөтсүз пайдалануусунда турган идентификациялык коду: 7-01-14-0017-0415 болгон тилке туруктуу айыл чарба, токой чарбасын жана мал чарбачылыгын изилдөөлөрдү жүргүзүүнү уюштуруу максатында ижарага берилет.
Жер Байтик жана Кашка-Суу айылдарынын арасында жайгашкан.
Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «ИДК групп» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Саалаев Азамат Жыргалбекович болуп. Негизги ишмердүүлүгү — туристтик жайгаштыруу үчүн кызмат көрсөтүү. Компания 2023-жылдын 16-ноябрында катталган.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
									 
					