Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — XIX-кылымдын аягында жана XX-кылымдын башында Арзымат бай атасына арнап Кашгардан усталарды алып келип тургузган күмбөз учурда жылдан жылга эскирип, начар абалда калууда. Бул тууралуу эколог Гамал Соронкулов билдирди.
Тарыхый баалуулукка ээ болгон бул күмбөз Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Бакай-Ата айылынын жогорку жагында жайгашкан.
«Нечен жылдан бери бийликтин өкүлдөрүнө кайрылып келе жатабыз. Бирок алган жоопторубуз, негизинен, төмөндөгүдөй сооротмо убадалар менен чектелет: “Жакын арада оңдоп-түзөө иштерин баштайбыз”, “Реставрация иштери жакында башталат”, “Баланча тизмеге кирди” жана башка ушу сыяктуу.
Бул күмбөз өзгөчө тарыхый баалуулукка ээ жай. Анын жасалышы өзүнчө эле керемет. Ар бири кышы эчкинин майына жуурулуп, бышырылып жасалган. Мындай архитектуралык объекттер өрөөндөрдө өтө аз кездешет. Ошондуктан, бул маселеге бийлик көңүл буруп, мындай тарыхый мурастарды сактап калууга аракет кылыш керек», – деди эколог Гамал Соронкулов.
2017-жылы Turmush басылмасы XX кылымдын башында Таласта жашап өткөн Арзымат бай өзүнүн атасы Күзөк ажыга курдурткан күмбөзү тууралуу жазган.
Бакай-Ата районундагы журналист Жоомарт Бейшеналиевдин айтымында, Арзымат бай совет бийлиги келген учурда кулакка тартылып кеткен. 1929-1930-жылдары совет өкмөтү күчүнө келип, жер-жерлерде эл арасын бай-манаптардан, колхоз душмандарынан тазалоону баштаган. Талас ичинде өздөрүнүн мал-мүлкүн колхозго ыктыяры менен өткөрүп берүүдөн баш тартышкан 12 бай ата-бабасы билбеген Орусиянын Оренбург деген жерине кулак катары айдалышкан. Калгандары өз эли-жеринде кармалып, атылып жок кылынган.
Ошолордун бири Арзымат бай Күмүштактан кармалып, абакка кетмек болот. Аны алып келүү тапшырмасы комсомол Сыдык дегенге тапшырылат. Ошо кезде жаңы өкмөткө жан дили менен берилип кызмат кылган жаш комсомол жигит алдына салып айдап алып келе жатканда Арзымат бай: «Балам намаз убагы болуп калды, намазымды окуп алайын», – деп атынан түшүп, намаз окуйт.
Аттанарда бай Сыдыктын жөн-жайын сурап: «Аттын канжыгасында байланып турган жез чайнектин эртеби-кечпи сага пайдасы тиет, ошону алып кал балам», – дейт. Бирок Сыдык чайнекти совет өкмөтүнө өткөрүп берет. Көрсө ал чайнектин түбүндө 2 кг жакын уютулган алтын болуптур.
Арзымат бай кулакка тартыла электе 1913-жылы атасы Күзөк ажыга Күмүштактын оозунда салдырган күмбөзү азыр да сакталып турат.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
									 
					