Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Кечээ, 6-май күнү Жалал-Абад шаарындагы Достук эс алуу багында Улуу Ата Мекендик согуштун 80 жылдыгына карата спорттун шахмат түрү боюнча турнир болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, турнирге жаштар жана улуу муундар арасында өткөрүлүп, ага 100дөй шахматчы катышты.
Турнирдин жеңүүчүлөрүнө медаль, кубок жана акчалай белектер тапшырылды.
Турнирде шахмат бул адамдын логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрө турган спорт түрү экендигин белгилеп, шахмат боюнча турнирлерди масштабдуу өткөрүү жана байге фонду үчүн жергиликтүү бюджеттен көбүрөөк каражат бөлүү зарылдыгын кошумчалашты.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
									 
					