Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — 37 жаштагы Чолпон Мадиева Ат-Башы райондук инновациялык моделдик китепканада китепканачы болуп эмгекенип жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча мугалим жана китепканачы.
«Өз кесибимди сүйөм, ардактайм. Окурмандар менен иштешип, издеген маалыматтарын таап беребиз. Улуу эжелердин жардамы менен көп нерселерди үйрөнүп, билип калдык. Бул жакта китептер алфавиттик система менен коюлат. Ошолордун баарын үйрөндүк. Окурмандар менен жылуу мамиледе болуп, киргенден чыкканга чейин жакшы тейлегенге бар күчүбуздү жумашайбыз», – деди ал.
Каарманыбыз буга катар эле архивдик маалыматтар менен иштешерин кошумчалады.
«Эң негизги милдетибиз — окурмандарды жакшы тейлөө. Биздин китепкана Кыргызстандагы биринчи инновациялык китепкана. Сыймыктануу менен иштейбиз. Бул дагы мотивация.
Мен жумушка биринчи келгенимде мага бир апа келип, «Жерим жөнүндөгү гезитке маалымат чыккан. Ошону таап бергиле» деп келген. Сураган маалыматын «Эркин-Тоо» деген гезиттен таап бергенбиз. Ксерокопиядан чыгарып берсек, баарыбызга батасын берип кеткен. Бизде архивдик материалдар бар. Ат-Башынын делосунда эски гезиттен бери сакталуу экен. Канча жылдан бери сакталып, муундан муунга өтүп келе жатат. Эжелердин 20-30 жыл мурунку жузүн көрүү биз үчүн таң калуу, кызык болду», –
Китепканачы айым 3 уул, 2 кыздын апасы.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
									 
					