Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Бишкек шаарынын мэриясы жарандардан оңдолуп, асфальт төшөлгөн жолдорду бузбоону суранат.
Мэрия билдиргендей, жаңы асфальт төшөлгөн жолдордо скутер жана велосипед айдоо фактылары көп катталды. Бул көрүнүш жолдун бузулушуна алып келүүдө.
Ошондой эле мэрия асфальты жаңыланып жаткан жолдорго унаа менен кирүүдөн жана жөө басуудан убактылуу карманууну өтүнөт.
«Асфальт 24-72 саатка чейин жумшак абалда калат. Бул учурда жеңил унаалардын дөңгөлөктөрү же жөө адамдар жолдун бетинде из калтырып, кийинчерээк жаракка же чуңкурлардын пайда болушуна себеп болот.
Бул жолдун сапатын гана төмөндөтпөстөн, кошумча чыгымдардын жаралышына да алып келет», – деп айтылат расмий маалыматта.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
