Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — «Манас» аэропортуна кетип бара жаткан жолдо окуучулар отурган автобус кырсыктап, оодарылып кеткен. Окуя боюнча күнөөлүү деп табылган кичи автобустун [GoBus] айдоочусу 200 миң сом айып пул төлөөгө жана 2 жылга транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратылды.
Автокырсык 2023-жылдын 20-апрелинде болуп, автобустун ичинде экинчи сменде окуган 1-4-класстардын окуучулары болгон. Балдар Сокулук районунун Манас айылындагы Ат-Башы мектеп-лицейине бара жатышкан. Аларга «Мерседес Бенц Спринтер» (GoBus) кичи автобусу урунган.
Анын кесепетинен 30га жакын адам жабыркап, бир бала жана автобустун айдоочусу (балдарды ташып бара жаткан) комада болгон.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы мектеп автобусундагы жол кырсыгы боюнча комментарий берип, анда «Мерседес Бенц Спринтер» (GoBus) үлгүсүндөгү унаасын 1993-жылы туулган жаран катуу ылдамдыкта айдап баратканын билдирген.
Кырсыктан кийин балдар ооруканасына 27 окуучу жеткирилип, медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үчөө үйлөрүнө кое берилген.

Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголгон.
Соттук актылардын мамлекеттик реестринде жарыяланган иштин материалдары боюнча, Анвар.А 2023-жылдын 20-апрелинде болжол менен саат 11:20да «Мерседес Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү кичи автобусун Бишкек—Манас автожолунун түштүк багытындагы 20 км аралыгында айдап бара жатып, жол кыймылынын эрежелеринин 10.5-пунктун жана 11.2-пунктун одоно бузган.
10.5-пункту — айдоочу алдыда жүрүп бараткан транспорт каражатына чейин анын менен сүзүшпөгүдөй дистанцияны, ошондой эле кыймылдын коопсуздугун камсыз кыла турган капталдагы зарыл интервалды сактоого тийиш.
11.2-пункту — рельсасыз транспорт каражатын сол жагынан гана озуп өтүүгө болот. Айдоочусу солго бурулуу сигналын берип жана маневр жасоого киришкен транспорт каражатын оң тарабынан озуп өтүү керек.
Анда ал айдоочу Д.Н.дин башкаруусунда болгон «ПАЗ 4243» үлгүсүндөгү автобустун арткы сол бурчуна урунган. Автобус жол белгилеринен «Кайрылуу үчүн жер» (Место разворота) көрсөтүлгөн жерде токтоп, солго бурулуу үчүн жарык көрсөткүчтү күйгүзүп, каршы багыттан келе жаткан унааларды өткөрүп жаткан учур болгон.
Кагылышуунун кесепетинен «ПАЗ 4243» үлгүсүндөгү автобус оң капталына оодарылып, Ат-Башы орто мектебинин 27 окуучусу ар кандай оор жаракаттарды алып, жанындагы унаалар менен жакынкы медициналык мекемелерге жеткирилген.
Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун өкүмү менен 2023-жылдын 26-декабрында А.Анвар Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 2-бөлүгүндө (этиятсыздыктан ден соолугуна оор залал келтирген ошол эле жосун, 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат) каралган кылмышты жасоого күнөөлүү деп табылып, ал боюнча 2000 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө [200 миң сом] айып салуу менен 2 жылдык мөөнөткө транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратуу менен жазаланган.
Өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин башка жакка чыкпоо тууралуу тил каты жокко чыгарылган. Жабырлануучунун өкүлдөрүнө материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндө жарандык сот өндүрүшү тартибинде сотко кайрылуунун зарылдыгы тууралуу түшүндүрүлгөн.
Чүй облустук сотунун жазык иштери жана укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2024-жылдын 27-августундагы өкүмү менен Анварга карата райондук соттун өкүмү күчүндө калтырылып, кассациялык даттануу канааттандырылган эмес.
Жогорку сотко кассациялык даттанууда адвокат соттолгон адамдын кызыкчылыктарын коргоп, эки инстанциядагы соттордун соттук актыларын жокко чыгарууну жана актоочу чечим чыгарууну өтүнгөн. Негиздөөдө соттор тарабынан кароонун натыйжалары боюнча иштин материалдарынын жыйындысы жана болуп өткөн жагдайлар изилденбегендигин, чындыкты жана күнөөнү аныктоо үчүн маанилүү мааниге ээ экендигин көрсөткөн.
Жогорку соттун 2025-жылы 5-февралдагы соттук коллегиясы Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун 2023-жылдын 26-декабрындагы жана Чүй облустук сотунун кылмыш иштери жана укук бузуулар боюнча соттук коллегиясынын 2024-жылдын 27-августтундагы Анвар.А.га карата чыгарган өкүмдөрүн күчүндө калтырылды. Кассациялык даттануу канааттандыруусуз калтырылган.
Токтом акыркы болуп саналат, даттанууга жатпайт.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
