Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Темиркул Үмөталиев Аалы Токомбаевге фронттон жазган кат
Янгиликлар

Темиркул Үмөталиев Аалы Токомбаевге фронттон жазган кат

Май 8, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Быйыл Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл толот. Мамлекеттик каттоо кызматы Жеңиш күнүнүн 70 жылдык мааракесине карата «pobeda.srs.kg» интернет долбоорун ишке ашырган. Анда согуш талаасындагы апаттуу күндөрдө жакындарына, досторуна, Ата Журтуна эр-жигиттер тарабынан жазылган каттар топтолгон.

Төмөндө Темиркул Үмөталиев Аалы Токомбаевге жолдогон кат (өзгөртүүсүз жарыяланат):

  • Ыйлай берип көзүмдүн жашы түгөндү

Кагылайын Аалыке! Жоомартты (Жоомарт Бөкөнбаев) укканыма 5 күн болду. Көзүм караят, жүрөгүм ысыйт. Ыйлай берип көзүмдүн жашы түгөндү. Кызыл армиянын даңктуу жеңиштеринин күнү. Ар күнү миңдеген кыштак, ондогон шаар бошоп жатат. Эл кубанып жүрөт. Мен болсо нес кишиче кубанууну да, ыйлоону да билбей басып жүрөм.

Акыркы чоң жеңишти баарыбыз чогуу көрсөк жакшы болот эле. Ойлогондой болбойт экен да. Колдон келер эч арга жок. Жоомарттын эмнеден каза тапканын эч ким жазбайт, Аалыке. Эмне болду? Саламат болуңуз. Темиркул.

Кыргыз эл акыны Темиркул Үмөталиев Улуу Ата Мекендик согушта Калинин, Түштүк-Кавказ, Закавказье, Украина, Румыния, Болгария, Югославия, Венгрия, Австралияны фашисттерден бошотуу үчүн салгылашкан. Согуштан кайтып келгенден кийин басма сөз кызматтарында башкы редактор болуп, ошондой эле бир катар кызматтарда эмгектенген.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleТоңдо спорт жана достукту даңазалаган «Ысык-Көл Ынтымак оюндарына» старт берилди
Next Article Билим берүү министрлиги ЖОЖ жетекчилерине чет элдик студенттер арасындагы кырдаалды күчөтүлгөн көзөмөлгө алууну тапшырды — Билим АКИpress

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.