Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Билим АКИpress – Индия-Пакистан чек арасындагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги укук коргоо органдары менен биргеликте чет элдик студенттердин ортосунда провокациялардын жана чыр-чатактын алдын алуу боюнча чараларды көрүүдө.
Ошондой эле Билим берүү жана илим министрлиги буйрук чыгарды. Анда чет мамлекеттерден келген студенттерди окутуп жаткан мамлекеттик жана жеке менчик жогорку окуу жайлардын администрацияларына чет өлкөлүк студенттер арасындагы кырдаалды күчөтүлгөн көзөмөлгө алуу, алардын арасында түшүндүрүү-профилактикалык иш-чараларды уюштуруу, чет өлкөлүк студенттер арасындагы кырдаалды мониторингдөө жана келип чыккан окуяларга ыкчам чара көрүү боюнча жумушчу топ түзүү тапшырылды.
Билим берүү министрлиги кошумчалагандай, 29-апрелде УКМКнын демилгеси менен министрликтин имаратында чет элдик студенттерди окутуп жаткан мамлекеттик жана жеке жогорку окуу жайлардын жетекчилери менен кеңешме өткөрүлгөн. Анда Индия-Пакистан чек арасындагы кырдаалды жана чет элдик студенттер арасында көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгы айтылган.
За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.
Бул макала Билим АКИpress басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
