Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Зарина Каримованын укмуштуудай ылдамдыкта өнүгүп жаткан Дубайдагы жашоосу
Янгиликлар

Зарина Каримованын укмуштуудай ылдамдыкта өнүгүп жаткан Дубайдагы жашоосу

Май 8, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Зарина Каримова. Ал 2024-жылы үй-бүлөсү менен Дубай шаарына көчүп келген. Бул шаардагы жашоо, жаңы тажрыйбалары менен Turmush басылмасына бөлүштү. 

Мен 1997-жылы Бишкек шаарында төрөлгөм. Өзүмдүн фамилиям — Ибдиминова, ал эми Каримов — жолдошумдун фамилиясы. Азыркы учурда паспортто кош фамилия — Каримова-Ибдиминова деген ат менен катталгам. К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясын жана Кыргызстан эл аралык университетин бүтүргөм.

Учурда үй-бүлөм менен Дубай шаарында жашайбыз. Азыр 3 жаштагы кызым менен декреттик өргүүдөмүн. Жолдошум бул жерде иштейт. Ага Дубайдан иш сунушу түшкөн, ошондон кийин биз бардык керектүү документтерди даярдап, 2024-жылдын апрель айында Дубайга көчүп келдик. 

Бириккен Араб Эмираттары — келечектин өлкөсү

Бул жерде таң каларлык нерсе — салттар менен маданиятты сактоо жогорку технология, ыңгайлуулук жана коопсуздук менен айкалышып турат. Айрыкча Дубайда өнүгүүнүн темпи өзгөчө байкалат, шаар бир күн да бир калыпта турбагандай сезилет. Дээрлик ар бир кадам сайын курулуш иштери жүрүп жатат, бирок алар көзгө көп илешпейт. Баары адамдын ыңгайлуу жашоосу, иштөөсү жана өнүгүүсү үчүн жаратылган.

Биринчи караганда бул жактагы атмосфераны башка эч бир жер менен салыштыруу мүмкүн эмес. БАЭ — көп улуттуу коом менен жергиликтүү каада-салттарды урматтоо өзгөчө айкалышкан саналуу өлкөлөрдүн бири. Бул жерде көчөлөрдөн ондогон тилдерди угууга болот, ошол эле учурда жалпы меймандостук жана тартип маданияты даана сезилет.

Бул жерде бардык майрамдардын кандай белгиленерин, сенин маданиятыңды, тилиңди, жада калса кийимиңди кандай урматташарын көрө аласың. Эч ким сени жемелебейт же «минтип кийиш керек» же «кийбеш керек» деп айтып, сын айтпайт. Ар кимдин өз эрежеси, өз тандоосу бар. Бул жагынан алганда, Дубай көбүрөөк туристтик жана эркин шаар катары эсептелет. Бирок ошол эле учурда Дубайда тейлөөнүн, коопсуздуктун жана жашоо сапатынын өтө жогорку стандарттары сакталган, бул чындап эле таң калыштуу көрүнүш. 

Дубайга иштөө же эс алуу максатында көп адамдар келет

БАЭ — ысык климаттагы өлкө. Биз бул нерсени дароо байкаганбыз. Менин оюмча, эң ыңгайлуу температура кыш мезгилине туура келет — ноябрдын аягынан марттын ортосуна чейин.

Биз жолуккан адамдардын баары ар дайым жылмайып жүрүшөт, жардам беришип, кеңештерин айтып турушат. Бул жерде балдарга өзгөчө аяр мамиле кылышат. Кызымды көргөндө дайыма жылмайып, ал-акыбалын сурап турушат.

Бул жакка иштөө же эс алуу максатында көп адамдар келишет. Жалпысынан ар кимдин өз максаты бар, жана башкаларга анча көңүл бурбагандай сезилет. Эч ким сага кайра кайрылып, тынчыңды албайт. Ал эми тейлөө кызматына келсек, дайыма сылык-сыпаа мамиле кылып, кеңеш берип, түшүндүрүп турушат.

Эң кыйын нерсе — үй-бүлөңдөн алыста болуу. Ата-энеңди абдан сагынасың. Чет өлкөдө жалгыз болуу психологиялык жактан өзгөчө оор, айрыкча эмоционалдык жактан. Башында бул жакта айып пулдар жана эреже-тартиптер өтө көп окшойт деп ойлойсуң. Бирок убакыт өтүп, бул эрежелердин аркасында жашоо кыйла ыңгайлуу экенин түшүнөсүң. Анткени, менин оюмча, бардык айыптар негиздүү.

Албетте, кыйынчылыктардын бири — Дубайдагы баалар. Дубай — кымбат шаар, жана айрым нерселерди алдын ала билбесең, бул жакта жашоо кыйын болушу мүмкүн. Убакыттын өтүшү менен биз кайсы жерден тамак-ашты же сапаттуу товарларды арзан баада сатып алса болорун үйрөндүк. Жакшы нерсеге бат эле көнүп калат экенсиң.

Кыргызстан менен Дубай — эки башка дүйнө

Көлөкөлүү жана муздатылган оюн аянтчаларынан тартып, тез жеткирүү кызматтарына чейин — бул жерде дээрлик бардык нерсени онлайн режимде, тиркемелер аркылуу эле жасоого болот.

Албетте, масштаб өзүнчө бир керемет: жаңы райондор, жолдор, бүтүндөй шаарлар кандай ылдамдыкта курулуп жатканын көрүп таң каласың. Бардыгы укмуштуудай ылдамдыкта өнүгүүдө. Ошондой эле, заманбап стиль менен салттуу архитектуранын айкалышы да өзгөчө таасир калтырат. Бир жагынан асман тиреген, футуристтик имараттар жана жогорку технология, экинчи жагынан — маданиятка, үй-бүлөгө жана руханий жашоого болгон терең урмат. Жада калса жаңы Дубай менен эски Дубайды салыштырганда, экөө эки башка дүйнөдөй сезилет. Бул жөн эле “кооз өлкө” эмес, бул — баалуулуктар күнүмдүк жашоодо терең сезилген жер. 

Кыргызстан менен Дубай — эки башка дүйнө. Дал ошол айырмачылыгы менен экөө тең баалуу. Кыргызстан — табияты, каада-салты, адамдардын руханий жакындыгы жана жашоонун жай, өлчөнгөн ритми менен өзгөчө. Ал эми Дубай — бул мегаполис, мүмкүнчүлүктөр, космополиттик чөйрө жана инновациянын ыргагы.

Дубайга көчүп келгенден кийин мен өз жеримди, элимди эч качан унуткан жокмун. Мекенимди ар дайым эстеп турам. Ошол эле учурда, Дубайдагы жаңы нерселерди кубануу менен кабыл алып, аларды өз дүйнөмө сиңирип жатам. Бул эки тарапты тең байыткан, өзгөчө жана баалуу тажрыйба. Бирок айрым учурларда биздин улуу кыргыз тоолорубуз, таза абабыз жана жаратылышыбыз жетишпей жатканын терең сезем.

Үй-бүлөсү жана жакындары тууралуу

Биздин үйдө эле Кыргызстандан келген 4-5 үй-бүлө жашайт. Кээ бирөөлөр бул жакта биринчи жылын өткөрүп жатышса, айрымдары 13 жылдан бери жашап келишет. Биз бул жакка келгенден бери бир жылдай гана убакыт өткөндүктөн, баары менен жакындан баарлашууга мүмкүнчүлүк боло элек. Анткени ар кимдин өзүнүн иш графиги жана дем алыш күндөрү ар кандай. Бирок балдар аянтчасында апалар менен сүйлөшүп калам, алардын арасында да Кыргызстандан келгендер бар. Мындан сырткары, бул жакта мурда тааныш болгон досторубуз да жашап жатышат. Албетте, чанда гана жолуктурабыз, бирок байланышып турабыз.

Биздин үй-бүлөбүз үч кишиден турган кичинекей, ынтымактуу үй-бүлө. Жолдошум — Ильзат Каримов, мен жана кызыбыз Азалия, азыр 3 жашта. Жолдошум 3D визуализатор, графикалык дизайнер жана интерьер дизайнери болуп иштейт. Ал үй-бүлөдө улуусу. Беловодск айылына жакын жайгашкан Петровка айылынан болот. Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин аяктаган.

Мен болсо үй-бүлөдө жалгыз кызмын. Экөөбүз тең улуту боюнча уйгурбуз. Декреттик өргүүгө чыкканга чейин Бишкектеги Шубин атындагы борбордук балдар музыкалык мектебинде фортепиано боюнча мугалим болуп иштечүмүн. Азыр бардык убактымды кызым Азалияга, үй-бүлөмө жана күнүмдүк турмуш-тиричилигиме арнап жатам. Ошондой эле Инстаграмда жеке блогумду жүргүзөм. Блогумда негизинен Дубайдагы жашоо образы, пайдалуу лайфхактар, кызыктуу жерлер жана ушул өңдүү маалыматтар менен бөлүшөм. Көчүп келгенге чейин өзүмдүн китеп клубум болгон. Азыр аны кайрадан онлайн форматта улантууну пландап жатам.

Азырынча биздин пландар стандарттуу эле. Дубайда жашоо, кызыктуу жерлерди табуу жана БАЭнин башка шаарларына баруу. Албетте, ата-энемди бул жакка алып келип, аларга ушул кооздукту көрсөткүм келет. Блог жазууну улантып, пайдалуу маалыматтар менен бөлүшүүгө аракет кылам. Албетте, баары Кудайдын каалоосу менен. Азыр биз Дубайда жашап жатабыз жана бул жерде бизге берилген мүмкүнчүлүктөргө абдан ыраазыбыз. 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleБилим берүү министрлиги ЖОЖ жетекчилерине чет элдик студенттер арасындагы кырдаалды күчөтүлгөн көзөмөлгө алууну тапшырды — Билим АКИpress
Next Article Чүй проспектисинин «ЦУМ» жактагы бөлүгү жабылат. 20 автобустун каттамы өзгөрөт

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.