Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда 1,5 миллионго жакын унаа катталган. Бул маалыматты Министрлер кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.
Ведомствонун маалыматы боюнча, Кыргызстанда катталган унаалардын арасында эң популярдуусу «Daewoo» (167,8 миң даана), андан кийин «Mercedes» (156,5 миң даана) жана «Toyota» (152,2 миң даана).
Кыргызстанда эң көп кездешкен унаа үлгүсү — түштүк кореялык «Daewoo» өлкөдө катталган жалпы унаалардын болжол менен 11%ын ээлейт. Бул унаалар өзгөчө Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында талап кылынары айтылат.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
