Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Христиан-демократиялык жана Христиан-социалдык биримдиктер блогунун (ХДС/ХСС) лидери Фридрих Мерцти өлкөнүн канцлери кылып дайындады. Шейшемби күнү Мерц бул кызматка парламент тарабынан экинчи аракеттен кийин гана шайланды.
Берлинде Франк-Вальтер Штайнмайер Фридрих Мерцке канцлер болуп дайындалгандыгы тууралуу ишеним грамотасын тапшырды.
«Кичине кечигүү менен болсо да шайланышыңыз менен чын жүрөктөн куттуктайм. Келечекте бардык жакшылыктарды каалайм», – деди президент жаңы канцлерге кайрылып.
Бундестагта канцлерди шайлоонун биринчи турунда Фридрих Мерц керектүү 316 добуш топтой алган эмес, ошол эле учурда социал-демократтар жана ХДС/ХСС курамындагы башкаруучу коалиция парламентте 328 орунду ээлейт. Фридрих Мерц депутаттардын зарыл колдоосуна экинчи аракеттен кийин жетише алды: бир нече сааттан кийин экинчи тур уюштурулган.
Фридрих Мерц 2000-жылы саясий ишмердүүлүгүн токтотуп, бир нече жыл бизнес менен алектенген, ал эми 2021-жылы Бундестагга шайланып, андан кийин ХДСти жетектеген. ХДС/ХСС февраль айында өткөн мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоодо жеңишке жетишти. Салт боюнча Германиянын канцлери жеңген саясий күчтүн лидери болот.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
