Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Ак-Суу районунун эң алыскы Жыргалаң айылына барчу жол жана айыл ичиндеги борбордук көчө 3 тилкелүү болуп салынат. Бул тууралуу Хан-Теңири айыл аймагын башчысы Сагындык Бараканов билдирди.
Анын айтымында, жол «Үч чоку» долбоорунун алкагында салынат.
«Токтогул айылынан Жыргалаң айылына чейинки 14,5 чакырым жолдун ичинен 9 чакырымын 3 тилкелүү кылып салуу иштери башталат. Ошондой эле Жыргалаң айылынын борбордук Ленин көчөсүндөгү 3 чакырым жол дагы 3 тилкелүү болуп салынат. Азыркы тапта кызыл сызыктан чыгып кеткен дубалдар менен кашарлар алынып жатат. Бул жолдор “Үч чокуга” алып баруучу негизги каттам», – деди Сагындык Бараканов.
Turmush 2024-жылдын март айында Ак-Суу районунда «Үч чоку» долбоорунун бет ачары болгонун жазган.
Анын алкагында Франциядан келген инвесторолор жергиликтүү калк жана Ак-Суу районунун администрациясы менен жолугушууларды өткөргөн.
Долбоор Франция менен Кыргызстандын өкүлдөрү ишке ашырат. «Үч чоку» долбоору Боз-Учук, Ак-Булак жана Жыргалаң айылдарындагы үч чокуну камтыйт. Мындан тышкары өнүктүрүүнүн башкы планында келечекте 3 чокуну бириктире турган асма жолдорду куруу каралган.
Асма жол жыл бою иштейт.
Жыргалаң айылы фрирайд (писттен тышкары лыжа) сүйүүчүлөрүнүн арасында популярдуу. Туристтер бул жакка негизинен Европа өлкөлөрүнөн келишет, анткени тоолуу аймак лыжа тебүүгө ыңгайлуу.
- «Үч чоку» тоо-лыжа курортунун долбооруна ылайык, биринчи чокуну куруу 2023-жылга чейин, экинчи чокуну куруу 2035-жылга чейин, ал эми үчүнчү чокуну 2040-жылга чейин куруу пландалган.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
