Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Кочкор райондук И.Исаков атындагы маалыматтык китепканада 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата иш-чара өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, ага окурмандар жана китепканачылар катышты.
Анда Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган атайын бурч менен тааныштырылып, акындардын жеңиш тууралуу жазган ырлары көркөм окулду. Ошондой эле жаш окурмандар Бексултан Жакиевдин «Атанын тагдыры» драмасын аткарышты. Ал эми маданият үйүнүн өнөрпоздору чакан концерт тартуулашты.
Ошондой эле №23 Кара-Күңгөй айылдык китепканасында «80 жылдыкка 80 түп гүл», «80 жылдыкка 80 сап ыр», «80 жаз, 80 жаш» сыяктуу иш-чаралар өттү. Ага ылайык, китепкананын алдына 80 түп гүл отургузулуп, окурмандар согуш темасындагы 80 сап ырды көркөм окуп беришти. «80 жаз, 80 жаш» иш-чарасында 80 жашка чыккан ардагерлер менен маек болду.
Белгилей кетсек 1941-1945-жылдагы Улуу Ата Мекендик согушка 353 миң 144 адам жөнөтүлгөн. Алардын 151 миңи согуш талаасында курман болгон. Кочкор районунан 5510 азамат согушга жөнөтүлгөн. 1125 кишиси дайынсыз, дарексиз болсо, 225 кишиге кара кагаз келген.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
