Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Ош облусунун жетекчилери оруктун ардагерлеринен кабар алышты. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Кечээ, 7-майда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдык мааракесинин алкагында, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Илияз Ташбаев жана аппарат жетекчиси Сабырбек Самидинов Ноокат жана Алай райондорунда болушуп, оруктун ардагерлеринен кабар алышты.
Алар ардагерлердин ден соолугун жана жашоо-шартын сурап, облус башчысы Элчибек Жантаевдин жана өз аттарынан Жеңиш майрамы менен куттуктап, белектерин тапшырышты.
Кабар алынып, сый көрсөтүлгөн ооруктун ардагерлери:
– Бакты Закирова, 105 жашта – Алай районунун Кабылан-Көл айылы;
– Майра Мурзакматова, 101 жашта – Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагы;
– Акбарали Ататаев, 100 жашта – Ноокат районунун Мирмахмудов айыл аймагы;
– Сатимкан Зулпукарова, 95 жашта – Алай районунун Гүлчө айыл аймагы.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
