Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 80 жылдыгына карата Москвада өтө турчу салтанатка катышуу үчүн дүйнө лидерлери Россияга барышты.
Жергиликтүү басылмалар маалымдагандай, президент Владимир Путин парадга катышуу үчүн 29 өлкөнүн башчысын чакырган. Алардын арасында Лаос менен Азербайжандын президенти келе албай тургандыгын билдиришкен. Тхонглун Сисулит ковид менен ооруп калган болсо, Ильхам Алиев Гейдар Алиевдин 102 жылдыгына арналган иш-чарадан улам бара албастыгын билдирген.
7-майда Моңголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух жана Конго Республикасынын президенти Дени Сассу-Нгессо Россияга барган.
Президент Монголии Ухнаагийн Хурэлсух прибыл в Москву
Президент Республики Конго Дени Сассу-Нгессо и заместитель министра иностранных дел РФ Михаил Богданов в аэропорту Внуково-2 в Москве
Путин аларды Кремлде тосуп алган.
Ошондой эле Сербиянын президенти Александар Вучич, Бразилиянын президенти Луис Инасиу Лула да Силва, Венесуэланын президенти Николас Мадуро жана Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин учуп барганы кабарланды.
Президент Сербии Александр Вучич прибыл в Москву

Президент Венесуэлы Николас Мадуро

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
