Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Кечээ, 7-май күнү Чүй облусунун аймагынан мыйзамсыз сатылып жаткан 1 тонна күйүүчү май аныкталды. Бул боюнча Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жол жээктерин иретке келтирүү максатында рейд жүрүп жатат.
«Жол жээгинде күйүүчү май саткан жарандарга Укук бузуулар кодексинин 179-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык жарандарга 3000 сомдон айып пул салынып, жалпы 24000 миң сом айып салынды. Андан сырткары жабдыктары жок кооптуу жүк (ГСМ) ташыган 4 айдоочуга Укук бузуулар кодексинин 195-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык 70000 миң сом айып салынды.
Бүгүнкү күндө Салык кызматкерлери менен биргеликте 1 тонна күйүүчү май алынып, тийиштүү мекемелерге өткөрүлүп берилди», – деп айтылат маалыматта.
Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 30-апрелден 15-майга чейин «Соода-сатык» аталышындагы рейддик иш-чара өтүүдө.
179-берене. Автомобиль жолдорунун бөлүү тилкесин сактоо эрежелерин бузуу
1. Тиешелүү органдар менен макулдашпастан жол жээгиндеги тилкелерде, соода түйүндөрүн, тамактануу пункттарын, сервистерди куруу жана уюштуруу же жарнама такталарын, паннолорду, афишаларды, транспаранттарды, көрнөктөрдү, плакаттарды, белгилерди, көрсөткүчтөрдү орнотуу – жеке жактарга 30 (3000 сом) эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 (13 000 сом) эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
195-берене. Кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин бузуу
2. Айдоочунун кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин же автомобиль жолдору, көчөлөр же темир жол өткөөлдөрү аркылуу ири габариттүү же болбосо оор салмактуу транспорт каражаттарынын жүрүү эрежелерин бузуусу, – жеке жактарга 175 (17 500 сом) эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
