Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Чолпон-Ата шаарынын тургундары — Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Үсөнбек Асаналиев менен оруктун ардагери Сайра Кулованын уул-кыздары, неберелери жана чөбөрөлөрү үчүн 9-Май — Жеңиш күнү өзгөчө мааниге ээ.
Быйыл да чоң үй-бүлө Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган иш-чарага катышууга даярданып, «Өчпөс полк» жүрүшүнө атасынын сүрөтүн көтөрүп чыгууга кам көрүшүүдө.
Үсөнбек Асаналиев — Улуу Ата Мекендик согушка 17 жашында аттанып, атайын аскердик окуудан өткөн соң кан майданга танкист катары кирген. Ал улук лейтенант наамын алып, бөлүктүн командири болгон. 1945-жылы Жеңишти Берлинде тосуп алган Үсөнбек Асаналиев ошол эле жерден Япон согушуна жөнөтүлүп, Ата Мекенине 1950-жылы гана кайтып келген.
Үсөнбек Асаналиевдин уулу Тамчыбек Асаналиев атасынын согушта орус улутундагы досу Саша Вадиеев менен түшкөн сүрөтүн аздектеп сактап келет. Бул сүрөт атасы үчүн да өзгөчө баалуу болгон.
Үсөнбек Асаналиев танкист, командир болсо, анын жакын досу Саша Вадеев танканын механиги эле. Жеңишти алар Берлинге 15 чакырым калганда угушуп, кубанганына карабастан, ошол эле күнү аскердик буйруктун негизинде Япон согушуна жөнөтүлгөн.
Апааттуу согуш башталганда Сайра Кулова болгону 10 жашта болчу. Балалыгын согуш уурдап кеткендей, ал фронттогу чоңдор менен катарлаш талаада иштеп, колхоздун ар кандай жумуштарына аралашкан.
1950-жылы согуштан кайтып келген Үсөнбек Асаналиев менен Сайра Кулова баш кошушкан. Согуш бүткөндөн кийин Сайра апа педагогикалык билим алып, мугалимдик кесипти аркалаган. Ал эми Үсөнбек ата Ысык-Көл районунун бир нече колхоздорунда партиялык уюмдун жетекчиси (парторг) болуп иштеген. Экөө тең татыктуу эмгек жолу менен бирге алты баланы тарбиялап, ата-эне болушкан.
Сыймыктуу ардагерлердин үй-бүлөсү үчүн алардын басып өткөн жолу чоң үлгү. Алар — уул-кыздары, неберелери жана чөбөрөлөрү үчүн ар дайым сыймык жана тарбиянын тирүү үлгүсү.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
