Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – 8-майда Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнө карата аскердик парад өттү.
Иш-чарага президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, Жогорку соттун башчысы Медербек Сатыев, Конституциялык соттун төрагасы Эмил Өскөнбаев, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК башчысы Камчыбек Ташиев, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары, чет мамлекеттердин өкүлдөрү катышты.
Ошондой эле мурдагы президенттер Сооронбай Жээнбеков жана Роза Отунбаева, Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров, ишкер Өмүрбек Бабанов, саясатчы Феликс Кулов жана башкалар болду.
Быйыл Жеңиштин 80 жылдыгы белгиленип жатат. Жүрүшкө 3 миңден ашык аскер кызматкери катышты.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
