Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Ватиканда жаңы Рим папасын шайлоо үчүн өтүп жаткан конклавдын (кеңеш) катышуучулары, добуш берүүнүн биринчи айлампасында бир ойго келе алышкан жок.
Конклавга Кардиналдар коллегиясынын 133 мүчөсү катышууда. Апостолдук тактыга шайлануу үчүн талапкер кардиналдардын кеминде экиден үч бөлүгүнүн колдоосуна ээ болушу керек, башкача айтканда, конклавдын катышуучуларынын кеминде 89 добушун алышы керек.
«Vatican News» порталы бир нече саатка созулган биринчи турдун жыйынтыгы тууралуу кабарды Ватикандагы Ыйык Петр аянтында 45 миңге жакын адам күткөнүн маалымдады. Бул күндөрү күнүнө 4 жолу добуш берүү сессиясы өткөрүлөт — экөө күндүн биринчи жарымында жана экөө экинчи жарымында. Эгерде алар ийгиликсиз болсо, анда жыйынтыктар жергиликтүү убакыт боюнча түшкү саат 12лерде жана кечки саат 7лерде кара түтүн аркылуу жарыяланат. Эгерде кардиналдар күнүнө биринчи жана үчүнчү раунддарда понтификти шайлоого жетишсе, анда ак түтүндү жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:30да же 17:30да күтүүгө болот.
Рим папасы Франциск 21-апрелде 88 жашында каза болгон. Анын өлүмүнө өнөкөт оорулардан улам келип чыккан инсульт себеп болгон. Ал Ватиканды 2013-жылдын мартынан бери жетектеп келген.
Конклавка 80 жашка чыга элек кардиналдар катышып, шайлана алышат.
Шайлоо Сикстин капелласында өтөт. Жаңы папа аныкталганга чейин кардиналдарга тышкы дүйнө менен байланышууга тыюу салынат.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
