Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарына жакын жерде 24 тонна ламинат күйүп кетти, деп билдирет аймактык кабарчы.
Маалым болгондой, 7-майга караган түнү саат 04:00 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 392-чакырымында оор жүк ташуучу автоунаа толугу менен өрттөнүп, чиркегичиндеги 24 тонна ламинат курулуш материалы да кошо өрттөнгөн.
Бул фактыны ӨКМдин Кара-Көл шаарындагы бөлүмү тастыктап, төмөнкүлөрдү билдирди.
«”VOLVO” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаа Кара-Суу районунун тургуну А.Т. айдап бара жаткан. Анда 24 тонна ламинат болгон жана ал толугу менен күйгөн. Өрттүн чыгуу себеби электр зымынын кыска чыңалуусу. Кара-Көл шаардык №94 ӨКБдан 2 бөлүмү саат 04:05те чыгып, 04:25те жетип, 05:07де өрттү курчап, 08:38де өрттү толук өчүргөн», – деп айтылат маалыматта.
Өрт кырсыгы жүк ташуучу авто унаанын алды жагынан чыккан. Кырсыктын кесепетинен унаа толугу менен күйгөн, айдоочусу эч кандай жараат алган эмес. Автоунаа З.С.га таандык болгон. Өрттөнгөн жүккө жана фуранын ээси эч кандай доосу жок экенин билдирген.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
