Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Бишкекте 9-майда «Өлбөс полк» жүрүшү өтөт
Янгиликлар

Бишкекте 9-майда «Өлбөс полк» жүрүшү өтөт

Май 9, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Бишкек шаарында 9-майда «Өлбөс полк» жүрүшү өтөт, деп билдиришти уюштуруучулар. Жүрүшкө катышуучуларды чогултуу саат 8:00дө Түштүк магистраль менен Байтик баатыр көчөсүнүн кесилишинде башталат. Саат 9:00дө «Өлбөс полк» жүрүшү старт алат.

Маршрут: Түштүк дарбаза—Түштүк Магистраль—Жукеев-Пудовкин—Фрунзе—Жеңиш аянты.

Акция Кыргызстандын башка шаарларында жана калктуу конуштарында да өтөт. Жалал-Абад шаарындагы иш-чара 9-майда саат 8:00дө облустук администрациянын имаратынын жанындагы Эркиндик аянтында башталат. Марш Туманбай Байзаков проспектиси жана Кыргыз Республикасы көчөсү аркылуу Жеңиш паркына чейин уланат.

Талас шаарындагы жүрүш саат 9:00дө шаарга кире бериштеги чыгыш аркасынын жанында башталат. Жүрүштүн акыркы чекити Эшим Кутманалиев атындагы стадион болот. Ал жерде майрамдык концерт күтүлүүдө.

Нарын шаарында жүрүш саат 9:00дө Тянь-Шань паркындагы Түбөлүк отко гүл чамбар коюу менен башталат. Андан кийин Турдакун Усубалиев атындагы аянтка чейин жүрүш болот.

Кемин шаарындагы иш-чара саат 9:00дө Ленин көчөсүндө башталат.

Ленин айылындагы кыймыл саат 8:00гө пландалган.

Иванов айылындагы жүрүш саат 8:00дө Чыңгыз Айтматов атындагы №1 мектептин жанында башталат. Полк саат 9:00дө жылат.

Акциянын уюштуруучулары «Өлбөс полк» саясий акция эместигин, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларын эскерүүгө багытталган иш-чара экенин билдиришти.

2020-жылы «Өлбөс полк» акциясы коронавирус пандемиясынан улам токтотулган. 2022-2024-жылдары бийлик коомдук коопсуздукка байланыштуу коркунучтардан улам акцияны өткөрбөй турууну чечкен.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleКөп учурда бодо малды өлүмгө дуушар кылган карасан илдети тууралуу эмнелер белгилүү?
Next Article 2 айда Түштүк Кореядан импорттолгон эски кийимдин көлөмү 67%га өстү

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.