Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Бүгүн, 8-майда Сузак районунун борбордук аянтында Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара болуп өттү, деп билдирет аймактык кабарчы.
Маалыматка караганда, иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Урматбек Самаев, Сузак районунун акими Баратбек Сыдыкназаров жана Улуу Ата Мекендик согуштун райондогу жалгыз ардагери Мамасалы Жумаев катышты.
Майрамдын алкагында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ардагер Мамасалы Жумаевге «Honda CR-V» үлгүсүндөгү автоунааны белекке тапшырышты.
Ошондой эле райондогу мекеме-ишканалардын жамааттары тарабынан уюштурулган «Өлбөс полк» жүрүшү өткөрүлүп, согуш ардагерлеринин эрдиги дагы бир жолу эскерилди.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
