Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Нарын облусунун Кочкор районунда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган иш-чаралар Баялы Исакеев көчөсүндө «Өлбөс полк» жүрүшү менен башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Жүрүш учурунда райондун тургундары согушка катышкан чоң аталарынын жана туугандарынын сүрөттөрүн көтөрүп чыгышты. Андан соң райондук мамлекеттик администрациясынын жанындагы эстелик-монументке гүлчамбар коюлуп, курман болгон аталардын арбагына куран окулду.
Андан кийин мекеме-ишканалардын, мектептердин, айыл өкмөттөрдүн кызматкерлери жана техникалардын салтанаттуу жүрүшү (парады) өттү. Райондук мамлекеттик администрациянын жанында тигилген боз үйдө жоокер боткосу уюштурулду.
Бүгүнкү күндө Кочкор районунда эки гана ооруктун ардагери калды:
Күрүчбек Асанов (Кара-Саз айылы) — иш-чарага катышты.
Кадыке Макеев (Жаңы-Жол айылы) — ден соолугуна байланыштуу катыша алган жок.
Маалымат үчүн:
– 1938-1940-жылдары аскер кызматына чакырылып, кызмат өтөп жүргөндөрдү эсепке албаганда, 1941-1945-жылдары Кочкор районунан 5510 адам согушка аттанган. Алардын ичинен 1125 киши дайынсыз болуп, 255 адамга кара кагаз келген.
– 1941-жылы 22-июнда таңкы саат 4тө Германия Советтер Союзуна кол салып, Улуу Ата Мекендик согуш башталган.
– Бул согуш 1418 күнгө созулган.
– Фашисттик Германия согуштун биринчи эле күнү 1200 советтик учакты жок кылган.
– Согушка жалпы 24 миллион 426 миң советтик жоокер катышкан. Алардын 500 миңге жакыны аялдар болгон.
– Улуу Ата Мекендик согушта жалпысынан 27 миллион адам каза болгон.
– Кыргызстандан 360 миңге жакын адам согушка катышкан.
– Согуш жылдарында СССРдин 1710 шаары, 70 миңден ашуун айылы, 32 миңден ашуун завод-фабрикасы жана 98 миңге жакын колхоз-совхозу талкаланып, кыйраган.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
