Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-майда Рим папасына Кыргызстандын элинин жана жеке өзүнүн атынан куттуктоо жолдоду. Лев XIV бүткүл католик чиркөөсүнүн башчысы болуп шайланган.
«Сизди бүткүл католик чиркөөсүнүн жаңы жетекчиси – Рим папасы болуп шайланышыңыз менен Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм.
Сиздин Рим папасы катары аткарган вазийпаңыз эл аралык тынчтыкты жана адилеттүүлүктү чыңдоодо, ошондой эле дүйнөлүк диндер ортосундагы алаканы жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды өнүктүрүүдө чоң мааниге ээ.
Кыргыз Республикасы Ватикан менен жетишилген достук мамилелерин жогору баалоо менен бирге, өз ара түшүнүү, урматтоо жана бүткүл тынчтыкка умтулуу принциптерине негизделген кызматташууну улантууга даяр экендигин билдирем.
Ыйык мартабалуу Сизге бекем ден соолук, бакубатчылык жана адамзатка кызмат кылууда күч-кубат каалайм», – деп айтылат президент Садыр Жапаровдун куттуктоо телеграммасында.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
