Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Кара-Балтада Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы салтанаттуу белгиленип, «Өлбөс полк» жүрүшү өттү
Янгиликлар

Кара-Балтада Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы салтанаттуу белгиленип, «Өлбөс полк» жүрүшү өттү

Май 10, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Бүгүн, 9-май күнү Кара-Балта шаарында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата майрамдык иш-чаралар болуп өттү. Анын алкагында «Өлбөс полк» жүрүшү жана салтанаттуу парад уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жүрүш шаар мэриясынын имаратынын алдынан башталып, Кара-Балтанын тургундары Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин сүрөттөрүн көтөрүп шаар көчөлөрү менен өтүштү. Жүрүшкө Кара-Балта шаарынын байкерлери да активдүү катышты. Колонна жылып бараткан сайын ага Жайыл районунун ар кыл айылдарынан келген тургундар да кошулуп жатты.

Жүрүш Жеңиш эстелигине чейин улантылып, ал жерде «Өчпөс отко» гүлчамбар коюлуп, эскерүү митинги өткөрүлдү. Митингге согуш ардагерлери, шаар жана район администрациясы, шаардык кеңештин депутаттары жана шаар тургундары катышты.

Митингден соң шаар мэриясы тарабынан уюштурулган автобустар менен тургундар Ленин атындагы Маданият үйүнүн аянтына жеткирилип, майрамдын экинчи бөлүгү уланды. Аянтта театрлаштырылган көрсөтүү жана парад өттү. Ага укук коргоо органдарынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери, Ооганстан жана Баткен окуяларынын ардагерлери, шаардагы мекеме-ишканалардын кызматкерлери катышты.

Параддан кийин концерттик программа жана элдик майрамдоо уюштурулуп, шаар тургундары жана ардагерлер үчүн талаа ашканасы кызмат көрсөттү.

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleЖумгалда Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата эстелик жана мемориалдык комплекс ачылды
Next Article Кара-Кулжа дарыясынан эркек адамдын жансыз денеси табылды

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.