Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Ош облусунун Кара-Кулжа районyндагы Кара-Кулжа дарыясынын жээгинен жансыз дене табылган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 1-Май айылынын Көк-Жар тилкесинен өткөн Кара-Кулжа дарыясынын жээгинде адамдын жансыз денеси жатканы тууралуу маалымат 102 кызматына түшүп, ал жерден сөөктү чыгарып берүүгө көмөктөшүү өтүнүчү келип түшкөн.
Окуя болгон жерге саат 14:42де Кара-Кулжа райондук №66-ӨКБдан 4 куткаруучу атайын куткаруу шаймандары менен жөнөтүлгөн. Куткаруучулар Кара-Кулжа дарыясынын оң жээгинен болжол менен 58–60 жаштардагы азиат улутундагы белгисиз эркек кишинин жансыз денесин суудан чыгарышып, дарыянын сол жээгине өткөрүшкөн. Сөөк тиешелүү тартипте милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
