Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Бүгүн, 9-майда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата Жети-Өгүз айылындагы «Жеңиш» сейил багына Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Иманаалы Байтемировдун ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, аталган сейил бак толук реконструкциядан өтүп, бүгүн расмий түрдө ачылды.
Ачылуу аземге Жети-Өгүз айыл аймагынын башчысы Урматбек Докоев, айылдын тургундары, аксакалдар жана ардагердин уул-кыздары катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө эстеликке гүлчамбар коюлуп, куран окулду жана эскерүү минутасы жарыяланды.
Айыл аймагынын башчысы Азамат Жылдызбековдун айтымында, сейил бак 1975-жылы курулуп башталып, 1979-жылы пайдаланууга берилген. Учурда ал жергиликтүү бюджеттин эсебинен толук оңдоп-түзөөдөн өтүп, жарыктандыруучу чырактар, отургучтар орнотулуп, таман таш (брусчатка) төшөлүп, эстеликтер оңдолгон. Бул эстеликтер Жеңишке арналган эң ири эстеликтердин катарын толуктайт.
Иманаалы Байтемировдун уулу Жеңишбек Байтемиров атасынын өмүр баяны тууралуу маалымат берип, анын Ыраакы Чыгышта кызмат өтөгөнүн, согуштан кийин экономиканы көтөрүү үчүн талыкпай эмгектенгенин белгиледи.
Жеңиштин 80 жылдыгына карата айыл аймактын тургундарынын арасында 3 чакырымдык марафон уюштурулуп, анда Боготыровка айылынын тургуну Малик уулу Бекбасар 10 мүнөт 2 секундалык жыйынтык менен биринчи орунду ээледи.
Иманаалы Байтемиров 1925-жылы Жети-Өгүз айылында төрөлгөн. Үй-бүлөдө үч бир туугандын кичүүсү болгон. 1943-жылы Кызыл Армиянын катарына чакырылып, Владивосток шаарындагы 327-аткычтар полкунда пулемётчу болуп кызмат өтөгөн. 1943-1945-жылдары Япониянын аскерлерине каршы күрөшүп, Кытайды бошотууга катышкан. 1948-жылы мекенине кайтып келип, бириккен чарбада 27 жыл эмгектенген. Анын 17 жылы жетекчилик кызматта өткөн. Ардагер эмгеги үчүн бир катар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган. Ал 8 баланы тарбиялап өстүргөн.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
