Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — 7-майда Ош облусунун Алай районуна караштуу Гүлчө айылында 5 жаштагы бала Гүлчө дарыясына түшүп кетип, каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, саат 12:40 чамасында 2020-жылы туулган К.С. аттуу бала дарыяга түшүп кеткен. Аны жергиликтүү тургундар өз алдынча издешип, көп өтпөй жансыз денесин суудан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
Бул учурда куткаруучулар тартылган эмес.
Ош облустук ички иштер башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, баланын жакындары арыз-доосу жок экендигин билдирип, экспертизадан баш тартышкан.
Буга чейин Turmush басылмасы Гүлчө айылындагы Гүлчө дарыясына түшүп кеткен 3 жашар кыздын сөөгүн чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкенин жазган.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
