Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Нарын облусунун Жумгал районунда Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы борбордук көчөдө жүздөгөн адамдын катышуусунда «Өлбөс полк» жүрүшү менен башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, иш-чаранын катышуучулары алгач Эркинбек Матыев атындагы борбордук көчөдөгү« Соң-Көл » кинотеатрынан «Жеңиш» эстелигине чейинки 2 чакырым аралыкты «Бул күн биз үчүн ыйык күн», «Эч ким эч нерсе унутпайт!» деген ураан менен «Өлбөс полк» жөө жүрүшү калың элдин жана мекеме кызматкерлеринин катышуусунда өттү.
Алар согушта курман болгондордун жакындары аталардын сүрөттөрүн көтөрүп, эр-азаматтардын эрдигин даңазалаган лозунгдар менен жүрүш жасашты.
Жүрүштөн соң «Жеңиш» эстелигине гүлчамбар коюлуп, курман болгон баатырларга куран окулду. Андан соң асманга ок атылып, маданият кызматкерлеринин программасында театрдык программа менен коштолду.
Жумгал районунда бешинчи ирет өтүп жаткан бул жүрүшкө жыл сайын катышкандардын саны арбып келет. Бүгүнкү күндө Жумгал районунда бир дагы согуштун ардагери жок, ал эми согуш мезгилинде жана андан кийин орукта кызмат өтөгөн 3 ардагер бар.
Алар:
– Токтогон Абдыбеков 98 жашта;
– Теңир Кадырбаев 98 жашта;
– Уулбүбү Исакова 100 жашта.
Бул күнү ардагерлерге Жеңиштин 80 жылдык юбилейлик медалы тапшырылып, сый урмат көрсөтүлдү.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
