Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Алайда малга кол салган карышкыр атылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгынын Алай району боюнча аңчы-адиси Алимбек Айдаров билдирди.
Анын айтымында, Алай районунун Корул айылында малга кол салып келген карышкырды жергиликтүү мергендер атып алышкан.
Карышкырды 1 жума аңдышкан. Карышкыр аттуу иштери дагы да уланууда.
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-февралындагы №89 токтомуна ылайык, бир баш карышкырга 6000 сом, бир баш чөөгө 2000 сом жана бир баш бөлтүрүккө 1500 сом болуп бекитилген. Тиешелүү документтер толук тапшырылгандан кийин социалдык фондго, киреше салыгына төлөмдөрдү кармоо менен карышкырга 4800 сом, чөөгө 1600 сом, бөлтүрүккө 1200 сом сый акы мергенчилердин өздүк эсептерине которулуп берилет.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
