Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Россиянын президенти Владимир Путин Жеңиштин 80 жылдыгына карата Кызыл аянттагы параддын ачылышында сөз сүйлөдү. Ал Орусияда Жеңиш күнү башкы майрам экенин белгиледи.
«Биз Экинчи дүйнөлүк согуштун сабактарын унутпайбыз жана аны бурмалоого, кыйноочуларды актоого жана чыныгы жеңүүчүлөрдү жаманатты кылууга эч качан макул болбойбуз», – деди В.Путин.
Орусия улутчулдуктун, орусиялыктарга каршылыктын жана антисемитизмдин жактоочулары үчүн жеңилбес тоскоолдук бойдон калат, деп кошумчалады Путин. Ал ошондой эле Украинадагы аскердик аракеттерге катышуучулардын «эрдигин» өзгөчө белгиледи.
«Биз алардын кайраттуулугу жана чечкиндүүлүгү, бизге ар дайым жеңиш алып келген рухтун күчү менен сыймыктанабыз», – деди Владимир Путин.
Орусиянын лидеринин айтымында, өлкө нацизмге каршы жеңиш үчүн курман болгон аскер кызматкерлеринин эрдигин ар дайым эстейт.
Путин СССРдин курамында болгон өлкөлөрдүн, өзгөчө Орто Азия жана Закавказьенин салымын белгиледи.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
