Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Талас шаарында 9-май — Улуу Жеңиш күнүнүн 80 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара өтүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, иш-чарага президенттин Талас облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Эрмат Джумаев, Талас ОИИБдин башчысы Азенбек Козукеев катышып, майрамга арналган жөө жүрүштөн өтүштү.
Жөө жүрүш Э.Кутманалиев атындагы стадиондо концерттик программа менен уланып, катышуучулар сахналаштырылган көрүнүш, ыр-бийлерге күбө болушту.
Милиция кызматкерлери майрамдык салтанатта коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатылган баскычта камсыз кылышууда.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
