Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Президент Садыр Жапаровдун Россия Федерациясына 8-9-майда болгон иш сапары аяктады. Өлкө башчы Бишкек шаарына кайтып келгенин басма сөз кызматы билдирди.
Сапардын биринчи күнүндө мамлекет башчысы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата уюштурулган концерттик программага катышты. Иш-чаранын алдында Садыр Жапаровду Россиянын президенти Владимир Путин тосуп алды.
Бүгүн, 9-майда С.Жапаров Москва шаарындагы Кызыл аянтта өткөн аскердик парадга катышты. Салтанаттуу иш-чарага 10 миңге жакын адам катышып, 130дан ашык аскердик техника жана авиация тартылган. Жөө колонна менен салтка айлангандай аскерлердин ар кыл түрлөрүнүн жана бөлүктөрүнүн өкүлдөрүнөн турган полктор, батальондор жана роталар өтүштү.
Парадга Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын параддык бөлүгү катышып, Россиянын башкы аянтында өлкө атынан татыктуу чыгып, саптык даярдыктын жогорку деңгээлин көрсөтүштү.
Парадга Беларусь лидери Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Кытай лидери Си Цзиньпин, Россиянын лидери Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов жана Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиёев катышты. Ошондой эле Армения, Буркина-Фасо, Босния жана Герцеговина, Бразилия, Вьетнам, Венесуэла, Гвинея-Бисау, Египет, Зимбабве, Конго, Куба, Монголия, Мьянма, Палестина, Сербия, Словакия, Экватордук Гвинея жана Эфиопиянын мамлекет башчылары жана премьер-министрлери да чакырылган.
Параддын соңунда мамлекет башчылары Россиянын президенти Владимир Путин менен бирге согушта курман болгондордун элесине таазим этип, Александр бакчасындагы белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүл коюшту.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
