Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — 9-майда Өзгөн шаарында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган чоң иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, иш-чарага шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, ардагерлер, жаштар жана шаар тургундары катышты.
Өзгөн шаарынын мэри Элдос Таев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин Жеңиш күнү менен куттуктап, алардын эрдигине, тайманбаган кайратына жана келечек муунга калтырган татыктуу мурасына ыраазычылык билдирди.
Салтанаттын жүрүшүндө гүлчамбар коюлуп, согушта курман болгондордун элесине таазим көрсөтүлдү. Ошондой эле, шаардык деңгээлдеги парад өткөрүлүп, маданий кичи концерттик программа уюштурулду.
Улуу Ата Мекендик согушта (1941–1945) Кыргызстан (ошол учурдагы Кыргыз ССР) болжол менен 360 миңден ашуун адамды фронтко жөнөткөн. Бул ошол кездеги республиканын жалпы калкынын дээрлик төрттөн бир бөлүгү болгон. Алардын ичинен болжолдуу 100 миңге жакыны согуштан кайтпай калган же дайынсыз жоголгон.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
