Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы салтанаттуу белгиленип, 80 ийне жалбырактуу дарак олтургузулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, ага бийлик өкүлдөрү катышты. Адегенде Базар-Коргон шаар бийлиги тарабынан жаңыдан оңдоодон өткөн «Өчпөс от» эстелигине гүл коюу кадамы менен башталып, согушка курман болгондорго куран окулду.
80 жылдыкка утурлай 80 даана ийне жалбырактуу дарактар олтургузулду. Саамалык аскердик парад жана «Өлпөс полк» жөө жүрүшү менен коштолду.
Ч.Айтматовдун «Саманчынын жолу» повестинин негизинде «Келдинби Жеңиш» аталышында театрлаштырылган көрүнүш тартууланды.
Жалал-Абад облусу боюнча Улуу Ата Мекендик согуштун 3 ардагери калган.
Алар:
– Сузак районуна караштуу Багыш айыл аймагынын тургуну Мамасали Жумаев;
– Базар-Коргон районунун Арстанбап айылынын тургуну Мурза Далиев;
– Ноокен районунун Садырбаев айыл аймагынын тургуну Ормон Дадажанов.
– 5 ооруктун ардагери, 1 концлагер туткуну бар.
Улуу Ата Мекендик согушта (1941–1945) Кыргызстан (ошол учурдагы Кыргыз ССР) болжол менен 360 миңден ашуун адамды фронтко жөнөткөн. Бул ошол кездеги республиканын жалпы калкынын дээрлик төрттөн бир бөлүгү болгон. Алардын ичинен болжолдуу 100 миңге жакыны согуштан кайтпай калган же дайынсыз жоголгон.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
