Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Уулунун өмүрү кыска болорун энеси кантип билген?
Янгиликлар

Уулунун өмүрү кыска болорун энеси кантип билген?

Май 10, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Кийинки жыйырма жыл ичинде улуттук тарыхыбызды калыбына келтирүү, унутта калган легендарлуу ысымдарды өз ордуна коюу иши бир топ эле алга жылды. Аттары көмүскөдө калып, чындык үчүн, дили жана дини, адилеттүүлүк үчүн өмүрүн сайган, акыры кызыл аскерлердин огунан шейит кеткен, же Совет өкмөтүнөн куугунтугунан качып, Кытай менен Ооганстанга ооп кеткен, укум-тукумдары Пакистан менен Европа өлкөлөрүнө чейин тарап кеткен басмачылар тууралуу адилеттүү сөздөр дале болсо жетиштүү айтылбай келет. Ырас, басмачылардын баары эле баатыр эмес, арасында ар кандайы болгон, баатыры да, чыккынчысы да кездешкен. Бирок алардын арасында Ади паңсат менен Айтмерек корбашы, Көр Шермат менен Абдыш мерген сыяктуу адамдар бар. Ошондой аты-жөнү эл оозунда калып, бирок тийиштүү тарыхый баасын ала албай келе жаткан атактуу ысымдардын бири Алай жергесинен чыккан Ади басмачы.

«Адидей тикирейип тиктебе» деп алайлыктар азыркыга чейин айтып келишет. Кыргызстан жергесине Совет бийлигинин орношуна каршы күрөшкөн, Түштүк Кыргызстандагы басмачылык кыймылдын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири Ади паңсаттын апасы жыланга талгак болгон экен. Эки жолу жеп, биринде ал тургай бээ сааганы желеге бара жатып, жыланды кармап, тирүүлөй эле жеп салган. Бирок ошондо да талгагы канган эмес дейт. Кийин Ади паңсаттын жакын досу чыккынчылык кылып, атып өлтүргөнүн уккан апасы: “Талгагым канбай калганда эле баламдын өмүрү кыска болорун билген элем” деп ыйлаган экен. Ади жылан сыяктуу көзүн ирмебей тиктеп, уктаганда да көзүн жумбай уктачу дешет…

Ади жумурай журтка басмачы катары таанылган. Басмачы деген ким? Совет бийлигинин атеизмин танып, Ислам динин бекем тутунган, сүннөткө бекем, бир сөз менен айтканда такыба адам болгон. Ошондуктан бийлик өкүлдөрү басмачыларды элге жаман көрсөтүп, чыккынчы катары таанытышкан. Бул адамдын элине болгон кызматы, баатырлыгы тарых беттерине басылбагандыктан көпчүлүк эл биле бербейт. Акыркы жылдар ичинде гана окумуштуулар тарабынан изилденүүгө алынып, анын өмүр баяны тууралуу ар кандай талаш-тартыштарды туудуруп келишет.

Паңсат – Орто Азиядагы Бухара, Кокон хандыктарында беш жүз аскердин башчысы.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleИндия Пакистан чек арага аскер жайгаштырганын билдирди
Next Article Билим берүүнүн мыктысы Кадыр Кемелов 83 жашында дүйнөдөн кайтты — Билим АКИpress

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.