Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Асылбек Кусеев. Өз кезегинде Улуттук гвардияда кызмат өтөп жүргөн улук лейтенант учурда Швециянын борбору Стокгольм шаарында ар кандай жумуштарда иштеп келет. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы маек курду.
«Мен 1991-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылында төрөлгөм. Ошол эле жерде өсүп, мектепти 2009-жылы аяктадым. Андан кийин Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын “Пантера” атайын багыттагы бөлүгүндө бир жыл жоокер болуп кызмат өтөгөм.
Ошол жерден Казакстан Республикасынын Петропавл шаарындагы Улуттук улан (казакча: Ұлттық ұлан) аскер институтуна тапшырып, жогорку окуу жайды 2010–2014-жылдары окуп бүтүрдүм. Кесибим — кадрдык офицер, наамым — улук лейтенант.
Институтту аяктагандан кийин гвардияда 5 жыл иштедим. Андан кийин кызматтан чыгып, Швецияга эмгектенүүгө кеттим. Стокгольм шаарына 2024-жылдын февраль айында келгем. Ошондон бери 1 жыл 3 ай болуп калды. Учурда Швеция мамлекетинде жашайм, бул жакка тааныштар аркылуу келгенмин. Ар кандай жумуштарда иштейм, негизги жумушум — курулуш тармагында. “Ким түрткү болду?” десеңиздер, бул чечимди үй-бүлөм менен кеңешип, биргелешип кабыл алганбыз», – деди ал.
Асылбек мырза кыргыз жана швед эли-жеринин айырмачылыктарын айтып өттү.
«Негизи швед эли абдан кичи пейил, адамкерчиликтүү жана боорукер келишет экен. Тааныганы да, тааныбаганы да жылмайып учурашат. Абдан так жана сөзүнө бекем турушат. Ошондой эле өтө сабырдуу келишет — “inge stress” деп эле жайбаракат жашап жүрө беришет. Эч ким эч жакка шашпайт. Бизде кыргыздар көп учурда шашмалап, бир нерсени тез жасап, кийин өкүнүп, стресс болуп калабыз. Ал эми шведдер тескерисинче, сабырдуулукка көбүрөөк көңүл бурушат экен.
Аба ырайы абдан суук болгонуна карабай, жаратылышты өтө аяр мамиле менен коргошот. Мисалы, шаар ичинде жапайы коёндор менен эликтер адамдар менен эркин аралашып жүрө беришет. А бизде болсо төрт буттууларды дароо эле атып, союп жеп, жок кылып салабыз го.
Стокгольм шаарынын абасы нымдуу келет. Калаанын ичи абдан таза жана кооз. Ичкен суусу да өтө таза — хлор деген нерсе таптакыр жок. Экономикасы тууралуу айта кетсем, алар абдан өнүгүп кетишкен. Кыргызстан менен салыштырмалуу 20–30 жылга алдыда деп айтса болот. Бирок баары бир кыргыз өлкөсүнө эч бир жер тең келе албайт.
Бир швед мага: “жүр, токой көрсөтүп таң калтырам” десе, мен таң калбайм, “жүр, көлдү көрчү” десе, ага да таң калбайм. “Макул, кышты көрүп таң калчы” деп карды көрсөтсө, ага дагы таң калбайм. “Жүр, тоону көр” десе да, анча таасирленбейм. Анткени биздин жаратылыш мунун баарынан да ажайып кооз, табигый жана бай.
Себеби биз булардын баарын көрүп, ошол жаратылыш менен чоңойгонбуз. Ошондуктан Кыргызстаныбызды коргоп, жаратылышты сактайлы, жерибизди барктап, ага сыймык менен мамиле кылышыбыз керек», – деди ал.
Анын айтымында, кыргыз мекендештер чогулуп, ынтымак оюндарын өткөрүп турушат.
«Кыргыздар бул жакта ар түрдүү тармакта иштешет, жолугуп турабыз — футбол, теннис ойноп, байланыш үзүлбөйт. Буюрса, июль айларында бүткүл Батыш өлкөлөрүндө жашаган кыргыз мекендештерибиз бизге конокко келишет. Ошондо ынтымак оюну өтөт, футболдук мелдеш уюштурабыз.
Орозо айында бул жакта 14–15 жылдан бери жашап жүргөн мекендешибиз мечит ачкан. Ошондо Абдышүкүр Нарматов устазыбыз келип кеткен эле. Ошол күнү да баарыбыз чогулуп, аябай жакшы, сонун отуруш болгон. Деги эле, мүмкүнчүлүк болгондо бат-баттан чогулуп, бири-бирибизге дем берип турабыз.
Үй-бүлөм тууралуу айта кетсем, келинчегим жана кызым менен бул жакта жашап жатабыз. Кызым ушул жерде төрөлдү.
Келечекте максатым — ушул жактан тажрыйба топтоп, мекенибизге чоң салым кошуу. Кайсы тармак болбосун, бизде жок болгон нерсени алып барып, ишке ашыргым келет», – деп сөзүн жыйынтыктады ал.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
