Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Тоӊ районунда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеӊиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалыматка караганда, иш-чаранын жүрүшүндө Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясы жетекчилиги район тургундарын Улуу Жеӊиш майрамы менен куттуктап, жалпы элге бакубат жашоо, ынтымак жана тынчтык каалады.
Андан соң райондук маданият бөлүмү тарабынан даярдалган театрлаштырылган программа жана концерт тартууланды.
Улуу Жеӊиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чаралар райондун бардык айыл аймактарында өткөрүлдү.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
