Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Эргеш Момуновдун өлүктөргө көмүлгөн окуясы
Янгиликлар

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Эргеш Момуновдун өлүктөргө көмүлгөн окуясы

Май 11, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Жеңиштин 78 жылдыгына карата Сонунбек Эргешов Улуу Ата Мекендик согушка катышкан атасы Эргеш Момуновдун кандуу талаадагы кызыктуу окуяларынан Turmush басылмасына айтып берди.

Эргеш Момунов 1910-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Авлетим айыл өкмөтүндөгү Итагар айылында жарык дүйнөгө келген. Энесинен эрте ажырап, бир тууган иниси экөө чоң атасы Алыкул жана өгөй чоң энеси Куйбурдун колунда калышат. Куйбурдун өзүнүн балдары болгон эмес. Ошол эле учурда ал кичинекей балдарды жаман көрүп, мээрим төкмөк турсун алардан жийиркенип турган.

Күндөрдүн биринде Куйбур өгөй неберелеринен кутулууну көздөйт. Түн ичинде балдар уктап жаткан жерге барып, алардын үстүнө төөнүн чомун (ыңырчак, түбүндөгү токумдары менен) жаап салат. Төөнүн чому ушунчалык оор болгондуктан балдарга аба жетпей, тыбырчылап башташат. Акыры жашоо үчүн күрөшүүгө алы калбаган инисинин айласы кетип, бул дүйнө менен кош айтышып кете берет. Ал эми Эргеш болгон күчү менен төөнүн чомунан жөрмөлөп чыгып, өз жанын араң сактап калат. Бала болсо да мунун баарын ким кылганын туйган Эргеш үйдөн эртерээк качуунун айласын көрө баштайт. Көчөгө чыкса, бир топ уй кайсы бир жакка бара жатышкан болот. Алы кеткен Эргеш уйдун куйругун кармап алып, аларды ээрчип, баш оогон жакка кете берет. Акыры акеси Азимкулдун үйүнө барып, анын малын багып жашап калат.

Эргеш Момунов жашынан чыйрак, тың болгондуктан, аны атчан аскер кызматына (кавалерия) алышкан. Колхоздоштуруу мезгилинде контрреволюционерлер менен күрөшүүдө көрсөткөн эрдиги үчүн «Кызыл Жылдыз» ордени менен сыйланган. Бул окуя алар жашаган Карамурут кыштагындагы кыргыздар үчүн өтө зор сыймык болгон. Ал согуштан кайткандан кийин колхоз уюштурулуп, ага «Кызыл жылдыз» колхозу деген ат берилген. Алар колхоздун биринчи раиси кылып Эргеш Момуновду шайлашкан. Төрт-беш жыл колхоздун раиси болуп иштегенден кийин башка ишке которулган.

1941-жылы Улуу Ата Мекендик согуш башталып, советтик армиянын катарын толуктаган. Ал немис аскерлери тарабынан талкаланган Украинанын Киев шаарына аттанып, эли-жеринин тынчтыгы үчүн өз жанын тобокелдикке салуу менен жоого каршы күрөшкөн. Кыргыз аскерлери кандан коркпогондуктан алдыңкы катарда жоого каршы ат салышкан. 1942-жылы Эргеш Момунов жарылган бомбанын түбүндө калып, бул дүйнө менен коштошууга аз калат. Согуш талаасындагы атышуу, жардыруу токтоп калгандан кийин көзүн ачса, өлүктөрдүн арасында көмүлүп жатканын байкайт. Алардын арасынан чыгууга аалы жетпей, айласыздан эки көзүн кайра жумууга аргасыз болот.

Немис жана совет аскерлери тарабынан санитардык күн жарыяланып, эки тарап өз жоокерлеринин өлүктөрүн чогулта башташат. Дал ошондо орус улутундагы медайым эс-учу жоголгон абалда жаткан Э.Момуновду байкап, жүрөгү согуп жатканын аныктайт. Натыйжада ал ооруканага жаткырылып, экинчи жолу карай өмүргө келүүгө мүмкүнчүлүк алат. Ошентип алаамат согуштагы кан майданда 3 жыл жоого каршы күрөшөт.

1950-жылы агасы каза таап, өзүнөн 8 жаш улуу жеңеси Сейилканга үйлөнөт. Мындай кадамга ал агасынын балдарын жетим, аялын жесир калтырбоо үчүн барат. Алар Ооганбек, Сонунбек, Абзалбек, Абдасбек аттуу уулдуу болушат.

Жаш кезинен өгөйлүктү, ачкачылыкты, согуштагы кан майданды, апаатты көргөн Эргеш Момунов дөөлөттүү каарылыкта 90 жашка чейин жашап, бул өмүр менен кош айтышып кете берет. Эл ичинде кылган эмгеги бааланып, Карамурут айылындагы көчөгө Эргеш Момуновдун ысымы ыйгарылган.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleЖалал-Абаддагы жаңы эл аралык аэропорттун долбоору
Next Article Чүй проспектисинин жабылышынан улам 20 автобустун каттамы өзгөрдү

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.