Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата Москва районунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери согуш маалында оорукта эмгектенген ардагерлерден кабар алып, белектерин тапшырышты. Ардагерлер жол тескөөчүлөргө ыраазычылыгын билдиришип, оор күндөрдү эскеришти.
Учурда район аймагында согуш маалында оорукта эмгектенген 3 ардагер жашайт. Алар:
1. Утай Мекешова — Беловодск айылынын 89 жаштагы тургуну.
1936-жылдын 20-июнунда Чүй облусунун Москва районундагы Красный Пахарь айылында туулган. Азыркы тапта кызы менен жашайт. 1951-жылы Жолдошбек Мекешовго турмушка чыгып, 5 балалуу болушкан. Бүгүнкү күндө 4 небереси, 3 чөбөрөсү бар. Жолдошу 2012-жылы көз жумган.
Согуштан кийин кесиптик лицейде тигүүчүлүк боюнча билим алган. 1994-жылы «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн» медалы менен сыйланган. Учурда ден соолугу жакшы.
«Оор күндөр баштан өттү. Согуш жылдарында эгин талаасында кол менен машак терип, чакан тырмооч менен чогулткан күндөр эстен кетпейт», — дейт Утай эне.
2. Иванченко Любовь Ильинична — Петровка айылынын 96 жаштагы тургуну. 1929-жылы 5-июнда Воронеж облусунун Лесной районундагы Красная Заря айылында туулган. 1941-жылы апасы менен Кыргызстанга эвакуацияланган. Азыр уулу Николай Иванченко менен жашайт.
1944-жылы Григорий Иванченкого турмушка чыгып, 4 балалуу болгон. Бүгүнкү күндө 2 небереси, 2 чөбөрөсү бар. Жолдошу 1992-жылы каза болгон.
Эмгек жолун 15 жашында баштап, «Красная Заря» колхозунда кант кызылчасында иштеген. Бул колхоздо 30 жыл эмгектенген. 1974-жылы бала бакчанын директору болуп дайындалган.
1946-жылы «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн» медалы, 1984-жылы «Эмгек ардагери» медалы менен сыйланган. Учурда ден соолугу жакшы.
3. Ислам Арабов — Беловодск айылынын 95 жаштагы тургуну. 1930-жылы 18-январда Армения Республикасынын Варденис районундагы Ширазпу айылында туулган. 1937-жылы үй-бүлөсү менен Кыргызстанга көчүп келип, Лейлек районунун Исфана шаарына жайгашкан.
Азыр уулу менен жашайт. 1955-жылы үйлөнүп, 6 балалуу болгон. Бүгүнкү күндө 23 небереси, 7 чөбөрөсү бар.
Эмгек жолун 12 жашында пахта терүүчү болуп баштап, кийин Будённый атындагы колхоздо чабан болуп иштеген. 1947-жылы «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн» медалы менен сыйланган. Учурда ден соолугу жакшы.
Кылым карыткан бул каармандар Улуу Жеңиштин 80 жылдык салтанатына катышып, райондук мамлекеттик администрация жана айыл өкмөттөрү тарабынан да сый көрсөтүлдү.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
