Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Түркиянын аймагында кармалган Азамат Нурмат уулу аттуу кыргызстандык жаран үй камагына чыгарылды, деп маалымдады Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, ал Түркиянын Газиантеп провинциясынын сотунун 2025-жылдын 9-майындагы чечими менен тергөө абагынан бошотулуп, үй камагына чыгарылган.
«Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу анын жактоочусу менен биргеликте жарандын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоодо ар тараптуу жардам көрсөтүүнү улантууда.
Аталган маселе министрликтин өзгөчө көзөмөлүндө турат», – деп айтылат расмий билдирүүдө.
Буга чейин 19-апрелде Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Х.Карасаев атындагы лицейдин математика мугалими Азамат Нурматов Кыргызстандан 7 окуучусу менен Түркияга барып, Стамбулдун аэропортунан дайынсыз жоголгону кабарланган. Алар Анталияда өткөн математика боюнча эл аралык олимпиадага учуп барышкан.
Кийинчерээк ал аэропортто кармалганы белгилүү болгон. Андан соң Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги мугалимдин кармалышына байланыштуу Түркия элчилигинин консулуна вербалдык нота тапшырган.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
