Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Пакистан жана Индия ок атууну токтотууну макулдашты
Янгиликлар

Пакистан жана Индия ок атууну токтотууну макулдашты

Май 11, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Индия менен Пакистан ок атууну толугу менен жана дароо токтотууга макулдашты, деп билдирди АКШнын президенти Дональд Трамп «Truth Social» социалдык тармагында.

«Узак түнкү сүйлөшүүлөрдөн кийин Кошмо Штаттардын ортомчулугу менен Индия менен Пакистан ок атууну толугу менен жана дароо токтотууга макулдашканын жарыялоого кубанычтамын», – деп жазган Трамп.

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио билдиргендей, ал вице-президент Жей Ди Вэнс менен бирге акыркы 48 сааттын ичинде Индия менен Пакистандын жогорку даражалуу расмий адамдары менен сүйлөшкөн.

«Мен Индия жана Пакистан өкмөттөрүнүн токтоо жана бейтарап аймакта кеңири сүйлөшүүлөрдү баштоого макул болгонун билдирүүгө кубанычтамын», – деди Рубио.

Ок атууну токтотуу тууралуу маалыматты Пакистандын вице-премьери Исхак Дар өзүнүн X баракчасында ырастады.

«Пакистан менен Индия дароо күчүнө кире турган ок атууну токтотууга макулдашты. Пакистан ар дайым өзүнүн эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө коркунуч келтирбестен, аймакта тынчтыкка жана коопсуздукка умтулуп келген», – деп жазган ал.

Индиянын тышкы иштер министри Викрам Мисри Индия менен Пакистан 10-май күнү саат 17:00дө (Чыгыш убактысы боюнча) кургакта, абада жана деңизде бардык аткылоолорду жана аскердик аракеттерди токтотот, деп билдирди.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleУкраина дүйшөмбүдөн тарта ок атууну 30 күнгө токтотууга даяр экенин билдирди
Next Article Turmush: Корей кыздары жолдошумду менден кызганышат,

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Top Posts
Advertisement
ЖАРНАМА EurasiaPulse баннер

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
© 2026 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.

Go to mobile version