Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагында бир катар жайыт жолдор оңдоодон өткөрүлдү.
Аталган айыл аймактын айыл өкмөт башчысы Съезбек Мыктыбековдун айтымында, Ак-Тал айылындагы Өрдөш өрөөнүнөн Сары-Ой жайлоосуна чейин таштар кулаган, кыян жеп кеткен олуттуу көйгөй жаратчу чөлкөмдөрдөгү жайыт жолдор оңдоодон өткөрүлдү. Мындан тышкары, Ак-Кыя айылындагы Ак-Чий өрөөнүнөн баштап Коргон жайлоо, Бала-Тапан жана Кыз-Жайлоого бара турчу жайыт жолдорго шагыл төгүлдү.
Ошондой эле, Көк-Жар айылындагы жараксыз абалга келип, суу жеп кеткен дыйкандардын аянттарына баруучу арык техниканын жардамы менен оңдолду.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
