Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » » Түркүн оюнчуктарды токуган Айбийке Алтынбекова келечекте аларды чет өлкөгө экспорттоону максат кылууда
Янгиликлар

» Түркүн оюнчуктарды токуган Айбийке Алтынбекова келечекте аларды чет өлкөгө экспорттоону максат кылууда

Май 11, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Каракол шаарындагы 8-классынын окуучусу Айбийке Алтынбекова жиптен оюнчуктарды токуп киреше таап келет. Аны менен аймактык кабарчы маек курду. 

Айбийке Алтынбекова 4 жылдан бери бул өнөрдү аркалап келет. Башында бул жөн гана хобби болгон.

«Үйдөгү эски жиптерди алып, өз алдымча токууну үйрөндүм. Алгачкы оюнчугум кызгылт аюу болгон. Аны өзүмө сактап койдум. Ал оюнчугум анча жакшы чыкпаса дагы мен үчүн өзгөчө. Азыркы тапта ар кандай куурчактарды, сумкаларды жана кийимдерди токуйм. Интернеттеги баракчалардан өзүмө жаккан үлгүлөрдү таап алып, айрым учурда өз фантазиям менен да жаңыча стилде токуп чыгам. Оюнчук болгондуктан кээде мультфильмдердин, жомоктордун кээде өз оюмдагы каармандарды токуйм.

Жакшы оюнчук чыгыш үчүн жакшы жиптерди тандоо керек. Жиптердин баарын колдоном. Алардын курамы полиэстер, полиамид, вискоза, жүн, пахта, зыгыр, жибек жана башкалар болот. Караколдо жиптердин түрү бар. Бирок кээде керек болгон жипти таба албайсың. Жипти колума алган кезде андай кандай буюм же кандай оюнчук чыгарын элестетем. Мындай оюнчуктар балдар үчүн зыянсыз, табийгый таза», – дейт ал. 

Жакында эле ал «Энн из Зеленых крыш» тасмасынан шыктанып, ошого окшош куурчак жасаган. 

«Буга чейин токулган куурчактарды туугандарыбызга белек катары бергем. Оюнчуктар киреше гана эмес, аны алган ар бир балага кубаныч тартууласа деп тилек кылам. Иштин көлөмүнө жараша, оюнчукту токууга 1,2 сааттан тартып, бир нече күнгө чейин убакыт кетет. Оюнчуктардын баасы 200-800 сомго чейин сатылат. 

Балдар көбүнчө кичинекей коёнектерге кызыгат. Аны 400 сомдон токуп берем. Ал эми андан чоңураактары 600 сомдон. Кыздар сүйүп ойногон куурчактар 800 сомдон. Асынып, колдонгонго ылайыктуу сумкалар 500 сомдон. Кичинекей оюнчуктар болсо 200 сомдон башталат», – дейт кол өнөрчү Айбийке. 

Келечекте бул өнөрүн өнүктүрүп, чет өлкөгө дагы буюмдарын экспорттоону самайт.

«Учурда биздин балдар көбүнчө чет өлкөдөн келген оюнчуктар менен ойнойт. Өзүбүздүн улуттук оюнчуктарды жасап, аларды чет өлкөгө сатыкка чыгарсак деп кыялданам. Келечекте бул тармакта билим алып, өнөрүмдү улантсам деп тилек кылам», – деп сөзүн жыйынтыктады ал.

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleТокмокто Улуу Жеңиш күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара кандай өттү?
Next Article Кыргызстанда өлүмдөн калган ооматтуу адамдар (сүрөт)

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.