Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – АКШнын президенти Дональд Трамп Россиянын президенти Владимир Путиндин Украина менен 15-майда Стамбулда сүйлөшүү өткөрүү сунушуна комментарий берди. Трамп бул Москва менен Киев үчүн потенциалдуу улуу күн болот деп билдирди.
«Бул кандуу согуш бүтсө, жүз миңдеген адамдын өмүрү сакталып калат деп ойлойм. Бул таптакыр жаңы жана алда канча жакшы дүйнө болот», – деп жазды Трамп «Truth Social» социалдык тармагындагы баракчасында.
Ал тынчтык келишимине жетишүү үчүн эки тарап менен тең иштөөнү убада кылды.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
