Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Катуу тиричилик таштандыларын кайра иштетүүнүн негизинде электр энергиясын өндүрүүчү заводдун курулушу декабрда аяктайт. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда президент Садыр Жапаровдун Бишкек шаарындагы санитардык полигонго болгон иш сапары учурунда белгилүү болду.
Бишкек мэриясынын жетекчилиги маалымдагандай, Борбор Азия боюнча ишкананын аналогу жок. Завод суткасына 1 миң тонна таштандыны кайра иштетет, анын кубаттуулугу саатына 30 МВт түзөт. Келечекте кайра иштетүү көлөмүн суткасына 3 миң тоннага жеткирүү пландалууда.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
