Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — «Мекендешер» рубрикасынын кезектеги каарманы ― Мукашова Чүрөк Кубанычовна. Ал Германиянын Штутгарт шаарында окуу менен бирге алып келе жатан моделдик карьерасы тууралуу Turmush басылмасына айтып берди.
«Мен 2000-жылы 3-январда жарыкка келгем, өзүм Таластын кызымын. Аалы Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназиясын аяктаган соң, А.Токтоналиев атындагы Бишкектеги финансы-экономикалык техникумуна тапшыргам. Окуу жайды артыкчылык менен аяктап, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде да билим алдым.
Кичинекей кезимден эле моделдик чөйрөгө кызыгып, ар кандай сулуулук сынактарына катыштым. 2017-жылы «Бишкектин бермети» (Жемчужина Бишкека) сынагына, «Кыргызстан сулуусу — 2018» сынагына катышып, көптөгөн сертификат жана белектерге ээ болдум. Ал кездеги менин максатым 1-орунду алуу эмес эле, болгону ошол сынакка катышып жатканым жакчу.
Учурда Германиянын Штутгарт шаарында окуу менен бирге моделдик карьераны да чогуу алып кетүүдөмүн. Кыргызстанда жүргөндө, немис тили боюнча курстарга 1 жарым жыл барып жүрдүм. Анда студенттерди Германияга атайын программа аркылуу жөнөтө турчу шарттар каралган. Германияга учуп келген соң, көп адамдар менен сүйлөшүүгө туура келип, немис тилин мындан да жакшы өздөштүрүү керек болду», – деди ал.
Каарманыбыз ийгиликке карай алгачкы кадамдары боюнча айтып берди.
«Чынын айтсам, алгач келгенде абдан кыйналдым. Окуу менен бирге моделдик карьераны чогуу алып кетүү максатында, моделдик агенттиктерге катталуудан баштадым. Бирок тилекке каршы тажрыйбасыз болгондугумдан алдамчыларга туш келип калдым. Ошентип аларга 130 еврону (12 миң сом) алдатып, отуруп калдым. Алгач алданып калганымды билгенде, абдан муңайып жүрдүм. Анткени ошол маалда 12 миң сом мен үчүн чоң акча болчу. Учурда бул башка түшкөн сыноо экенин түшүнүп калам.
Бирок мындай ийгиликсиз кадамдардан кийин отуруп калбастан, моделдик карьерамды мындан ары өнүктүрүү жолдорун издей баштадым. Азыркы тапта мен эми гана ийгиликке карай кадамымды таштап жаткансыйм. Ошол эле учура менин айрым жетишкен ийгиликтерим кубандырбай койбойт. «Hugo Boss» сыяктуу моделдик агенттиктер менен кызматташып, сүрөттөрүм журналдарга кабыл алынды. Мен бул багытта өсүүнү мындан ары уланта бергим келет.
Германияда моделдик агенттиктердин сайтын изилдеп, түрдүү моделдердин сүрөттөрүн көрсөң болот. Эгер сага кайсы бир моделдик агенттиги жакса, ал жакта атайын бөлүм бар. Анда анкетаны толтуруп, дене бүтүмүңүн өлчөмүн, боюңдун узундугун, түспөлүңдү жазып, боёнбой түшкөн сүрөттөрүңдү жөнөтүшүң керек.
Алардын кызыгуусун жаратсаң, бир нече жумадан кийин сени маектешүүгө чакырышат. Дал ушундай көрүнүш менде да болгон. Ал жакка барганда, алар дагы бир жолу мени сүрөткө тартышып, сүрөттү карап кеңешүү керектигин айтышып, бир жумадан кийин мени кабыл алышканын кабарлашкан.
Азыр Европада, жалпы эле дүйнө жүзүндө «diversity» деген тренд жүрүп жатат. Анда жарнамалык роликте же плакатта ар кандай түспөлдөгү жана курактагы моделдер бар. Мениче, мага бул жагынан өтө жолум болду. Анткени Европада азиат түспөлүндөгү моделдер аз. Албетте моделдик чөйрөдө сенин салмагың, боюң, бетиңдин түзүлүшү талаптарга жооп бериш керек. Ал менин боюмдун узундугу 178 сантиметр болсо, салмагым 58 килограммды түзөт», – деди ал.
Анын айтымында, Европада ал кайсы жерден экенин кызыгып сурагандар көп.
«Көпчүлүк учурда бул жердегилер менден кайсы өлкөдөн экенимди сурап калышат. Ошондо мен сыймыктануу менен Централдык Азияда жайгашкан Кыргызстандан экенимди айтам. “Бул өлкөнү билем” деп айтып калышса, абдан кубанып калам. Эгер билбей, суроолорду берип жатышса, дароо өзүмдүн өлкөм тууралуу айтып берүүгө ашыгам», – деп сөзүн жыйынтыктады ал.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
