Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Чыңгыз Айтматовдун биринчи жубайы Керез Шамшыбаева тууралуу
Янгиликлар

Чыңгыз Айтматовдун биринчи жубайы Керез Шамшыбаева тууралуу

Май 11, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Улут сыймыгы, сөз өнөрүнүн устаты Чыңгыз Айтматовдун төрт баласы бар. Биринчи никесинен эки уул — Санжар жана Аскар, экинчи никесинен бир кыз жана бир уул — Ширин жана Эльдар.

Белгилүү жазуучунун байбичеси Керез Шамшыбаева жөнүндө көпчүлүгү биле бербейт. Мындан улам Turmush басылмасы Розетта Айматованын (Роза) жеңеси Керез Шамшыбаева боюнча эскерүүсү менен бөлүшүүнү чечти (текст орус тилинен кыргыз тилине которулду).

2021-жылы 10-августта апабыз Нагима Айтматованын дүйнөдөн өткөнүнө 50 жыл болду. Ал эми Керез жеңем тирүү болгондо, 90 жашка чыкмак. Эсимде, апам Керез жеңемдин туулган күнүндө көз жумган. Албетте, кыргыздын каадасы боюнча мындай күндөрү дасторкон үстүнө жакын адамдарды чогултуп, аларды эскерип Куран багыштоо керек эле. Бирок пандемия күндөн күнгө күч алып, топтолууга мүмкүндүк бербей жатат. Мындан улам мен үчүн эң кымбат эки аялды жөн гана эскерүүнү чечтим.

1952-жыл, биз Покровка айылында жашачубуз (азыркы Талас облусунун Манас районунун борбору). Ал жакка 1949-1950-жылдары Жийде айылынан көчүп келдик. Апам биздин мыкты мектептерде билим алуубузду каалады. Ал эми Покровка мектеби биз жактагы алдыңкы билим берүү мекемелеринин бири эле.

Биз казак улутундагы Катя аттуу аялдын үйүндө жашачубуз. Анын 2 уулу согуштан кайтпай калып, кайнисинин баласын багып алган (менден 2-3 жашка кичүү). Катя апанын үйү эки бөлмөлүү жана кире бериши менен болчу. Бир бөлмөсүндө ал уулу менен жашачу, экинчи бөлмөсүндө биздин үй-бүлө — апам, эжем Люся жана мен. Жайкы каникул учурунда Чыңгыз айыл чарба институтунда окуган Фрунзеден (азыркы Бишкек шаары) жана Ильгиз Москвадан (Москва геологиялык чалгындоо институтуна окуйт) келчү.

Биздин жакын кошунабыз Уулбүбү эженин жолдошу да согуштан кайтпай калган, Адиш аттуу жалгыз уулу менен жашачу. Ал дагы менден кичүү болчу, андыктан мен бул балдарга Роза эже болчумун. Бири-бирибизсиз бир чыны чай ичпеген абдан ынтымактуу кошуналардан элек.

1952-жылы Чыңгыз Фрунзеден жайкы эс алууга келди. Ал сүйлөшүп жүргөн кызы бар экенин, жакын арада балким баш кошуп калышарын айткан. Көп өтпөй апама Чыңгыздан кат келип, анда үйлөнүп, студенттик тою жупуну болуп, келинчеги менен Покровкага келери айтылган.

1953-жыл, июль. Алар поезд менен Жамбулга (азыркы Тараз шаары) барып, Покровкага жетүү үчүн ары-бери өткөн жүк ташуучу унааларга (ал кезде биздин аймакта автобус же жеңил унаа жок болчу) түшүш керек болчу.

Кадимки күндөрдүн бири. Ар ким өз иши менен, кээ бири жумушка, айрымдары талаага кетишти. Эртең менен эң жарашыктуу көйнөгүмдү кийип, чачымды кооз өрүп, “качан келишет!?” деп күтө баштадым. Кечээтен бери Люся экөөбүз үйдүн баарын жыйнап, боорсок бышырып, нике кыюу (үйлөнүү аземине) жана бул күндү белгилөө үчүн сарайга кочкор байлап койдук.

Ооба, короо да тазаланып, эшикке барчу жол да шыпырылышы керек… Чака алып, арыктан суу ташып келип, короого, жолго чача баштадым. Анан баарын кылдаттык менен шыпырып чыктым. Алар келчү тарапты кайра-кайра карай бердим, караандары көрүнбөйт.

Короого чачылган суу кургап, аракетимден изи да калган жок. Анан кайра чаканы кармап, сууга чуркадым… Ошентип үч жолу короого суу чачып шыпырдым. Бирок короого төртүнчү жолу суу чачып баштаганда эшик ачылып, жылмайган Чыңгыз менен Керез көрүндү:

— Ай, Роза биз келдик, салам! — деп учурашты. А мен болсо колума толгон чака суу кармап, аларды көздөй чуркадым. Төгүлгөн суудан жарашыктуу көйнөгүмдүн этеги нымдап калды…

— Чаканы жерге кой! — деп мага айтышты. Ошондо гана эсиме келип, чаканы жерге коюп чуркап, аларды кучактадым…

Мен 16 жашка чыгып калган элем, бул согуштан кийинки жылдар болчу. Согушка кеткен эркектердин көбү кайтпай калгандыктан үйлөнүү учурлары аз болгон. Ошол согуш жылдарындагы өспүрүмдөр чоңоюп, үйлөрүнө келиндерди алып келе башташкан. Ал эми 1937-жылдан бери биздин үй-бүлөдө бир дагы кубанычтуу окуя болгон эмес (анда баалуулуктар башка болгон, үй-бүлөдөгү эң кубанычтуу окуялар келиндин же үйдө жаңы төрөлгөн баланын пайда болушу деп эсептелген).

Эми ушунун баарын эстесем, Керез жеңе “ак жолтой” келин болгон экен. Кыргызда “ак жолтой” деген түшүнүк бар — бул бакыт же ийгилик алып келген адам же окуя. Ырас, ал биздин үй-бүлөгө келгенден кийин көптөгөн кубанычтуу окуялар биринин артынан бири боло баштады.

Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген дарыгери Керез Шамшыбаева 1931-жылы 10-августта Чүй районунун Онбир-Жылга айылында туулган. Анын атасы балбан денелүү киши болгон (ал өз атасын көргөн эмес, бирок ага айтып беришкен). Апасы экөө алдыңкы колхозчулардын катарын толукташкан. Атасы катуу ооруга чалдыгып, кызы төрөлө электе капысынан каза тапкан. Ушундан улам аны Керез деп атап коюшкан, бул «көзү өткөн атадан калган керез же белек» дегенди билдирет.

Керездин Мутабай деген агасы болгон. Күйөөсү каза болгон аял (Керездин энеси) эки баласы менен уруудан чыгып кетпеши үчүн күйөөсүнүн тууганы менен баш кошушкан. Мындай салтты кыргыздар байыртадан эле балдарды ата журтунда калтыруу максатында колдонуп келишкен. Бул никеден иниси Темир төрөлгөн. Керездин бир туугандарынын көзү өткөн, бирок алардын артында балдары калды.

Керездин атасынын карындашы бар, Керез аны Айшаке, биз Айша апа деп атачубуз. Ал коммунист, Чүй өрөөнүндө кыргыздын алгачкы активист аялдарынын бири. Ар кандай партиялык кызматтарда иштеген, акыркы кызматы — Беловодск айылындагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үйүнүн директору. Айша апа чынчыл, эмгекчил, калыс жетекчи болгон.

Керек болсо ата-энелери баш тартып, таштап кеткен майып балдар үчүн Айша апа абдан тынчсызданып, кам көрчү!… Аларга керектүү шарттарды түзүп, убагында тамактандырып, ийне сайып, дары-дармектерин берип, таза кармап, колдон келсе ойноп, өнүгүп-өсүүсүнө шарт түзүүгө аракет кылды. Бул балдар үйүндө Айша апа менен бирдей өз жумушуна берилген аялдар иштешкен.

Баса, «Фудзиямадагы кадыр түн» (Восхождение на Фудзияму) спектаклиндеги мугалимдин прототиби Айша апа болгон. Ал спектаклде да Айша апа. Ошентип, Керез башталгыч класста окуп жүргөндө, анын жакшы окуганын байкаган Айша апа Фрунзе шаарындагы атактуу №5 мектепке которот. Керез Шамшибаева мектепти алтын медаль менен аяктап, медициналык окуу жайга тапшырган. Медициналык окуу жайында да мыкты окуп, активдүү комсомол болгон.

Ошол мезгилде жаштарды тарбиялоодо жана калыптандырууда комсомол уюму чоң роль ойногон. Совет доорунда бул эң күчтүү жаштар кыймылы болгон, ал Советтер союзунун коммунисттик партиясынын жетекчилиги астында иштеп, Комсомол (Бүткүл союздук Лениндик коммунисттик жаштар союзу) деген аталышты алып жүргөн.

Комсомол жаштарды патриоттук духта тарбиялоого, жашай турган жана иштей турган, мамлекеттик жана коомдук иштерди башкара турган ар тараптуу өнүккөн адамдардын муунун даярдоого жардам берди. Ишканаларда, окуу жайларда баштапкы уюмдар түзүлүп, … кийин алар райондук, облустук жана башка ушундай сыяктуу деңгээлдеги комитеттерде биригишкен. Ооба, бул тарых, ошентсе да бир кезде комсомолдук уюмдун мүчөсү болгондор бул учурду жакшы эскеришет деп ойлойм. Совет доорунда баары жаман болгон эмес.

Комсомол изденүүнүн, демилгелүүлүктүн, романтиканын, инсанды калыптандыруунун мектеби болгон. Комсомолдук жана студенттик жашоо дайым ажырагыс жана бирдиктүү. Тарбия иштеринин сапатын жогорулатууда, окуучуларды адеп-ахлактык жана жарандык-патриоттукка тарбиялоодо, чыгармачылык аракеттерди колдоо жана стимулдаштырууда өзгөчө орун алды.

Чыңгыз менен Керез өз доорунун балдары, комсомолдук кыймылдын активдүү мүчөлөрү, чыгармачылык менен ойлонгон комсомолдор болгон.

Ошол облустук конференциялардын биринде медицина институтунан келген делегациянын курамында мыкты студенттердин бири Керез Шамшибаева, айыл чарба институтунан келген делегаттардын бири Чыңгыз Айтматов болгон.

Тагдыр… Экөө тең конференцияда өз университеттеринин комсомолдук уюмдарынын атынан чыгып сүйлөп, жаштардын алдына айрым көйгөйлөрдү көтөрүштү. Тыныгуу учурунда Чыңгыз менен Керез жолугуп, аларды түйшөлткөн көйгөйдү айтышкан. Ошол учурда таанышып, достошуп, бири-бирин сүйүп, кийинчерээк баш кошууну чечишкен.

Чыңгыз ал кезде дагы эле «эл душманынын» уулу болгондуктан, анын сталиндик стипендиясы жокко чыгарылып, аспирантурага кабыл алынбай калган. Ал кезде биздин үй-бүлөнүн келечектеги тагдыры кандай болору белгисиз болчу. Ошол учур сталиндик тоталитардык режимдин мезгили эле.

Көптөгөн жылдар өткөн соң ал атак-даңкка, урматка ээ болот…

Покровкада биздин жакын туугандарыбыз жок болчу, алар Шекерде жашашчу. Ошондуктан биздин үй-бүлөлүк кубанычыбызды, келинибиздин үй-бүлөгө келишин мен жогоруда айткан эң жакын кошуналарыбыз тең бөлүштү.

Кайсы жылы экенин билбейм, бирок бул көптөгөн убакыттардан кийин болгон. Жалгыз үмүтү — уулу Абыкан күтүүсүз жагдайда каза болгон соң, Катя апа ошол үйдү сатып, ата-бабасы өмүр сүргөн Жайылган айылына көчүп кетүүгө аргасыз болот. Андан үй сатып алган киши ушул үйдү сатып алууга кантип үндөгөнүн айтып берди.

— Бул үйдү сатып ал. Азыр абдан эскилиги жетип, кыйроого учурагандай көрүнгөнү менен Нагима Айтматова бул жерде үй-бүлөсү менен жашап, келини Керез алгач бул босогону аттаган. Ал эми Чыңгыз Айтматовдун өзү бул жакка байма-бай келип, жашап да жүргөн. Бул бактылуу жана укмуштуудай үй, Покровкада мындай үй жок…

– Мени чындыгында аны сөздөрү кызыктырды. Балдарым чоңоюп, аларды ойлоп, Нагима апанын балдарындай ар бири өз тармагынын адиси болуп, сабаттуу чоңоюшса деп кыялданчумун. Мен, албетте, ошол эски үйдү бузуп, үй-бүлөм жакшы жашаш үчүн ордуна жаңы чоң үй салдым. Ал эми короосуна азыр кыргыздарда заманбап болуп жаткан чакан үйдү (времянка) да салдым.

Чакан үйдүн эки кире бериши, тактап айтканда эки эшиги бар. Катя апанын үйүнүн эшигинен алып салган эски туткаларын ушул эшиктерге бекиттим. Менин үй-бүлө мүчөлөрүм ошол эшиктерди күн сайын ачып-жаап, туткаларын кармашты. Кудайга шүгүр, балдарым татыктуу инсан болуп чоңоюп, ар бири өз тармагынын мыкты адиси. Менин неберелерим да бар. Бул үйдүн жакшы аурасы мени бактылуу адам кылды деп ойлойм.

1953-жыл. Чыңгыз окууну бүтүрүп, Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институтунун эксперименталдык чарбасына зоотехник болуп ишке орношкон. Чарба шаар четиндеги Чоң-Арык айылында (Учурда Чоң-Арык шаардын курамына кирет) жайгашкан .

Чыңгыз менен Керез чарбанын адистери үчүн курулган барак тибиндеги үйдөн эки бөлмөлүү батир алышты. Апамдын архивинде «Талас облусунан үй-бүлөнү ташып келүү үчүн автотранспорт кызматы үчүн — 300 рубль» деген Чыңгыздын төлөгөндүгү тууралуу квитанциясы бар. Квитанциядагы дата — 1953-жылдын 1-августу.

Адатта кыргыздарда жеңе менен кайын сиңди ынтымакта күн кечирип, сыр бөлүшүп, эриш-аркак болуп , бири-бирин коргоп турушкан. Бул жагынан менин жолум болду. Биз бат эле достошуп кеттик. Таанышуунун алгачкы күндөрүндө эле мен аны суроолор менен кыйнаганым эсимде:

— Кантип таанышып калдыңар, кайсы жакта болду эле жана атактуу «Ала-Тоо» кинотеатрына киного бардыңарбы?

Анан ал мага комсомолдук конференцияны, алар «Ала-Тоо» кинотеатрына киного барышканын, китепканадан тез-тез жолугуп турушкандыктарын айтуудан тажачу эмес…

1954-жыл. Чыңгыздын тун уулу Санжар төрөлгөн. Бул биздин үй-бүлө үчүн кезектеги бактылуу жана кубанычтуу окуя болду. Эми, албетте, үй-бүлөлүк баалуулуктар өзгөрдү, бирок ошол учурда үй-бүлөдө баланын төрөлүшү теңдешсиз бакыт эле. Мен Санжарды жакшы көрчүмүн, аны жетелеп алып гүлзарга алып барчумун (ал кезде эксперименталдык чарбанын аянтчалары укмуштуудай көрктүү болчу, бардык жерде коомдук бакчалар, гүлзарлар бар эле).

Ал жакка алып барып, гүлдөрдү көрсөтчүмүн, ар бир дарак жөнүндө айтып берчүмүн… Ал да мени жакшы көрчү окшойт. Бала кездеги Санжар менен Аскар тартылган сүрөттүн арткы бетине Керез жеңе өз колу менен: “Санжардын жакшы көргөн эжекеси Розага Санжар менен Аскардан” деп жазган. Муну азыр да окуп алып, ушунчалык кубанганымды айтпаңыздар!!!

Ал эми бул кичинекей эки бөлмөлүү батирде 6 адам жашачубуз жана баарыбызга орун жетчү — сабак окууга, биринчи аңгемелерин жазып жаткан Чыңгызга шарт түзүүгө, бала багууга, эс алууга жана үй-бүлөдө жагымдуу шарттарды түзүүгө. Бул жерде, албетте, апам Нагима менен жеңем Керездин мамилеси, үй-бүлөдө ынтымакты, биримдикти сактоого умтулуусу чоң роль ойногон.

Анан Чыңгыз Москвадагы Жогорку адабий курска тапшырып, алгачкы аңгемелери жазылып, басылып чыгат. Алар жөнүндө бүткүл союздук деңгээлде кеп козгой башташкан. Кыргызстанда анын ийгиликтерин баары эле кабыл алган эмес. Айрыкча улуу муундун жазуучулары анын чыгармаларынан идеологиялык каталарды табууга аракет кылып, атасы Төрөкулдай тагдырды уюштурабыз деген кептер тараган.

Мындан улам апам да, Чыңгыз да абдан кабатырланып жүрүштү. Кыязы нервден уламбы, Чыңгыз абдан катуу ооруп калды. Мына ошондо Керез жеңемдин дарыгерлик кесиби жардам берген. Аны үйдөн өзү дарылаган. Ал эмне менен жана кантип дарылоону билчү…

Анан 1957-жыл атамды актоо жылы келип жетти. Бул биздин үй-бүлөнүн абалын жакшы жакка өзгөрттү. Ошол кездеги көрүнүктүү жазуучулар жашаган — калаанын Москва көчөсүндөгү 141-үйдөн батир алдык

1959-жыл. Чыңгыздын экинчи уулу Аскар төрөлдү. Керез жеңе үй-бүлөбүзгө дагы бир кубаныч, бакыт алып келди. Апам Нагима үчүн неберелерине ырдап, жомок айтып, оюн ойлоп тапкан чоң бакыт тартуулайт эле…

Керез медициналык институтту артыкчылык диплому менен бүтүргөн. Ал ЛОР дарыгери адистигин тандап алды. (Апам Нагиманын кандай гана тыкан жана жыйнак болгону таң калыштуу — мындай документ анын архивинде сакталып калган: «Шамшыбаева Керезге Кыргыз мамлекеттик институтунун кулак-тамак-мурун ооруларын эмдөө кафедрасында клиникалык ординатор болуп иштеп жаткандыгы жөнүндө маалымкат берилди…») Маалымкаттагы дата — 1957-жылдын 27-августу. Керез ординатураны аяктагандан кийин аспирантурага тапшырат.

Анын илимий жетекчиси медицина илимдеринин доктору, профессор Абрам Львович Брудный болгон. Ошол кезде КММИде иштеген эң көрүнүктүү жана атактуу окумуштуулардын бири. Бирок 1959-жылы каза болуп калды. Керез өзүнүн илимий темасын эчак эле бекитип койгон эле… Бирок директору каза болгондон кийин ал жөнөкөй медициналык жумуш менен алектенип, үй-бүлөгө көбүрөөк көңүл бурууну чечип, аспирантурада окуудан баш тартты.

Бул Чыңгыздын чыгармачылыктагы ийгиликтердин мезгили башталып, чоң үмүттөрдү берген учуру эле… Аны ар кандай үй-бүлөлүк, тиричилик, чарбалык иштерге алаксытпай, иштөөгө шарт түзүү керек болчу. Ал үй-бүлөнүн жана балдарды тарбиялоонун бардык түйшүгүн мойнуна алып, жөнөкөй ЛОР дарыгери болуп иштеген. Ооба, ал мыкты дарыгер, өмүрүнүн акырына чейин иштеген атайын клиниканын бейтаптары да, кызматкерлери да аны жакшы көрүшчү.

Жашоо ушундай экен, «жашоо — бул өтө турган талаа эмес» (жизнь пройти – не поле перейти). Ошентип, Чыңгыз экөө ажырашып кетишти. Керез жеңе Чыңгыз үчүн баштагыдай эле санаага батып, кабатырланып жүрдү. Дээрлик күн сайын институтта сабактан кийин анын жумушуна барчумун. Ал экөөбүз балдар, туугандар жана башка күнүмдүк турмуштун жөнөкөй маселелерин талкуулачубуз.

Розетта Айтматова Керез Шамшыбаева менен

Розетта Айтматова Керез Шамшыбаева менен

Күндөрдүн биринде анын жумушуна барсам, ал абдан толкунданып, ага атактуу жазуучу (фамилиясын айтпай эле коёюн, ал чүйлүк, тактап айтканда жердеши болчу) келгенин, анын атынан Чыңгыздын үстүнөн жазылган арызга кол коюуга көндүрө баштаганын айтып берди. Керез арыздын төмөн жагына кол коюшу керек болчу.

— Бул арыз сенин атыңдан Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин (БКнын) биринчи катчысы Б.Усубалиевге жазылган. Сен менин жердешимсиң, сени коргогум келет, бул арызды сени берип жиберди деп, өзүм жеткирип берем. Партиянын мүчөлөрү ажырашпашы керек экенин билесиң.

Ошентип, алар сенин арызыңды Борбордук комитеттин отурумунда карап чыккандан кийин, ал атактуу жазуучу болбой, соттолуп, партиядан чыгарылып, бардык жерде жумушка алынбаган байкушка айланат. Жазуучулар арасындагы бир аксакалыбыз айткандай, ал дегеле жазуучу эмес, жөн эле жакшы журналист. Анан партиядан чыгарылгандан кийин журналист катары четке кагылат. Келе гой, карындашым, кол кой…

— Жок, ал балдарымдын атасы, мен ага таза жана чын ыкласым менен турмушка чыккам. Мен ага жамандык жасабайм. Жашоодо баары болушу мүмкүн, биз кадимкидей эле жакшы мамиледебиз. Мен үчүн кабатыр болбоңуз… деп мына жарым саат мурун кайтарып жибердим, – деп ал мага толкунданып айтты.

Керез жеңе экөөбүз дайыма бири-бирибизди түшүнүп, ынак болчубуз. Мен анын өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүндө анын керебетинин жанында отурдум…

Ошентип, тагдырдын ойго келбеген катаал соккуларына туруштук берип, өзүндө адамгерчиликти — турмуштук өзөгүн сактап, үй-бүлөгө, балдарга арнаган эки энени бүгүн эстедим. Анткени, эне болуу — «Бейиш эненин таманында» гана эмес, балдар жана үй-бүлө үчүн да жоопкерчилик.

**************

Чыңгыз Төрөкулович жазуучу катары Советтер Союзуна жана бүткүл дүйнөгө таанылып, атак-даңкы таш жарган учурда жубайы Керез Шамшыбаеваны башка аялга алмашып кеткени үчүн анын алдында өзүн дайым күнөөлүү сезген…

Санжар Айтматов 1954-жылы 22-апрелде туулган. Журналист жана адабиятчы. Ал Россиянын Москва шаарында жашайт, жеке бизнеси бар.

Аскар Айтматов 1959-жылы 5-январда туулган. Дипломат. Бишкек шаарында жашайт. Ал англис, түрк жана француз тилдеринде эркин сүйлөйт.

Чыңгыз Айтматовдун уулдары — Аскар, Эльдар жана Санжар

Чыңгыз Айтматовдун уулдары — Аскар, Эльдар жана Санжар

 

 

 

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleКыргызстанда сулуулук сынактарына катышып, Германияда карьерасын уланткан Чүрөктүн жашоосу
Next Article Жакшы. Бишкек шаарындагы абанын сапаты

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.