Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында эки күндүн ичинде мас абалында унаа башкарган 26 айдоочу кармалды.
Облустук ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматынан маалымдашкандай, Ысык-Көл облусунда өтүп жаткан «Рулда» рейдинин алкагында Каракол шаарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери текшерүү иш-чараларын өткөрүштү.
Анын жүрүшүндө мас абалында унаа айдап, жол кыймылынын эрежелерин одоно бузган айдоочулар аныкталып, аларга карата мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлдү.
Жол-транспорт кырсыктарына себепкер болгон айдоочуларга мыйзамдуу чараларды көрүү тапшырмасы коюлган. Бул рейд облус аймагында жол кырсыктарынын жана алардын оор кесепеттеринин санын азайтууга багытталган.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
