Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Баткендик Каныкей Нарматова Япониядагы жашоосу тууралуу айтып берди
Янгиликлар

Баткендик Каныкей Нарматова Япониядагы жашоосу тууралуу айтып берди

Май 12, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Японияда жашап жаткан Каныкей Нарматова. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде чет өлкөдөгү жашоосу тууралуу айтып берди. 

Каныкей Нарматова 1997-жылы Баткен облусунун Сүлүктү шаарында төрөлгөн. Ал Бишкек шаарындагы колледжде акушер адистиги боюнча билим алган. Учурда Япониянын Токио шаарында медициналык клиникада медициналык кызматкер болуп эмгектенет.

«Окуу жайыма япониялыктар келип, маектешүүдөн өткөндөрдү Японияга чакырышкан. Алардын арасында мен да бар болчумун. Андан кийин тил үйрөнө баштадым. 6 ай тил үйрөнүп, биринчи жолу Японияга 2018-жылдын 6 июнунда келгем.

Ата-энем 9 жашымда ажырашып кетишкен. Мени, байкемди жана сиңдимди апам жалгыз багып чонойткон, атам да кез-кез жардам берип турчу. Кыйын балалыкта чонойдум, апам бизге үй салып берем деп түнкү 12ге чейин чач алып иштейт эле. Жумуштан келип, буту кызарып, басалбай жатып калчу. Анан насыя алып, үй куруп баштадык. Карыздар көбөйүп, апам карыздарды ойлоп, түнү тынч уктай алчу эмес. Ал кезде байкем жаңы үйлөнүп, сиңдим турмушка чыккан эле. Апамдын жанында мен калдым, кыйналганын мен эле көрдүм. Биринчи максатым апамдын атына жазылган насыяны жабуу керек эле. Жаратканга шүгүр, жолум Японияда ачылып, карыздардан да кутулуп, насыяны да жаап, апамдын жүрөгү да, уйкусу да тынч болду», – деди ал.

Мекендешибиз медициналык клиникада 7 жылдан бери бейтаптарга кам көрүп иштейт.

«Бейтаптардын дарысын берип, кан басымын ченеп, медициналык журнал толтуруп, компьютерге түшүрөм. Беш кол тең эмес дегендей, япондор ар түрдүү болушат. Дистанцияны катуу сакташат, өздөрү эмес, мен билбей түртүп алсам деле биринчилерден болуп кечирим сурашат. Япондордун көбү Кыргызстаныбызды билбейт, «ал өлкө каякта?» деп сурагандар көп. Мени да япон кыздарына окшоштурушат. Мамилеси жылуу, бир нерсе сурасаң, күлүп жооп кайтарышат. Түшүнбөгөн даректи сурасаң, ошол дарекке чейин чогуу барып, мени жеткирип койгондору да болду.

Япония океан менен курчалганы үчүн нымдуу өлкө. Жайы ысык, асфальттар ным болуп калат, кышы анчалык суук эмес. Башка шаарларын билбейм, бирок Токиодо кышында 2 жолу эле кар жаады. Ал да калың кар эмес, аз-аздан эле.

Бул жакта япондордун кезек күтүп, биринин артынан бири тизилип турганы таң калтырды. Метродо да, дүкөндөрдө да ушундай көрүнүш. Ошондой эле таштандыны бөлүп-бөлүп таштаганы, жада калса сүттүн бөтөлкөсүн да ичип бүткөндөн кийин ичин суу менен чайкап, тазалап анан ташташат.

Кыргызстандан айырмчылыгы, албетте Токио номур биринчи мегаполис. Японияда токойдун чокусуна чейин унаа менен барса болот. Жолдору асфальт, чаң да жок. Япония деле көз жоосун алган кооз өлкө. Кыргызстан да баары суктанчу өлкө. Япониядагы кыргыздар майрамдарда чогулуп турушат.

Японияга келген алгачкы күндөрүм, азыркы күнгө чейинки Япониядагы жашоомду чагылдырып тасма тарткым келет. Японияга келгенден бери жалгызмын, жанымда кыргыздар жок, ошол себептен апам көп сарсанаа болот. Япондордун арасына иштеп, жакшы-жаман, жокчулук-барчылыкты көрдүм. Жаныңда жакындарың бар болсо, оорчулугу анча сезилбеши мүмкүн. Ал эми дүйнөнүн аркы бурчунда жалгыз, жанында эч ким жок, тааныбаган, түшүнбөгөн бөлөк адамдардын арасында кыйналсаң ал катуу сезим. Японияга келип, көп окуялардын себебинен ички дүйнөм кыйла өзгөрдү. Адамдарга болгон көз караш, мамиле өз жолуна келди десем болот.

Менин жакын арадагы максатым — апамды Япония алып келүү. Апама Токионун көчөлөрүн көрсөтүү, япон тамактарынын даам таттыруу, улуттук кийими кимонону кийдирүү, улуу Фудзиямасын көрсөтүү, апама унутулгус сезим тартуулоо жана бактылуу кылууну максат кылам», – деди ал. 

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleЖакшы. Бишкек шаарындагы абанын сапаты
Next Article Видео — Аскерлерди чөгөлөткөн офицер. Окуя боюнча кылмыш иши козголду

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.